Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:31

КУРТ ВАЛЬДХАЙМДЫ ЭСКЕРҮҮ


Баян Жумакадыр кызы, Прага Кечээ Улуттар уюмунун мурдагы баш катчысы, Австриянын мурдагы президенти Курт Вальдхайм 88-жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Ошентип Улуттар уюмунун эң кары баш катчысы, Австриянын эң кары президенти оо дүйнө аттанды.

Уюмдун төртүнчү баш катчысы, аны 10 жыл бою башкарган Курт Вальдхаймды эскерүү үчүн уюмдун Нью-Йорктогу баш кеңсесинин алдындагы туулар төмөн түшүрүлдү.

Курт Вальдхайм узак өмүрүндө зоболосу бирде бийик көтөрүлүп, бирде төмөн түшкөн күндөрдү башынан өткөргөн. 1972-жылы Улуттар уюмунун баш катчылыгына ант берген Вальдхайм, Советтер Союзунун чакыруусу менен эң алгачкы чет эл визитин Москвага жасаган. Визитинин соңунда ал аны чакырган Советтер Союузуна ыраазычылыгын билдирип, буларды айткан:

- Айымдар жана мырзалар, мен сиздер менен жолугушууга мүмкүндүк алганым үчүн, айрыкча Москвадагы маалымат каражаттарына чоң ыраазычылыгымды билдирем. Мен алгачкы визитимди бул өлкөгө жасагындыгым үчүн Совет өкмөтүнө ыракматымды айтам ,- деген Курт Вальхайм.

Леонид Брежневдин өкмөтү Улуттар уюмунун баш катчылык ишинде Вальдхаймга 10 жыл бою колдоо көрсөтүп, андан соң 80-жылдарда улутчулдар менен кызматташ болгон, деп айыпталган соң да колдогон. Ал тургай 1981-жылы Вальдхайм Улуттар уюмунун баш катчылыгына үчүнчү мөөнөткө талаптанганда кубаттаган. Бирок анда Вальдхаймдын талапкерлигине Кытай вето коюп, Вальдхаймдын саясий карьерасы соңуна чыккан. Улуттар уюмунун Хартиясына андан соң киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, баш катчылыкка шайлануу эки мөөнөт менен чектелген.

Исламдык Медия Кабарлар Бюросунун кызматкери, кезинде Вальдхаймдан бир нече жолу интервью алган Акрам Задех анын эшиги журналисттер үчүн ар дайым ачык болгонун мындайча баяндайт:
- Курт Вальдхайм чыныгы жентльмен болучу. Ал журналисттер менен сүйлөшүүгө дайым даяр эле, албетте анын маселени тайманбай, тике сайып көрсөтө алган агрессивдүүлүгү да бар эле. Ал убакта өтө маанилүү проблема Жакынчы Чыгыш эле ,- деп эскерет журналист Акрам Задех.

Тилекке каршы, Вальдхайм иштегенден 35 жыл өткөндөн кийин да Жакынкы Чыгыш Улуттар уюмунун алдында турган эң орчундуу маселе болуп кала берүүдө.

Вальдхаймдын абройуна кара көлөкө түшүргөн дагы бир окуя 1987-жылы болду. АКШнын Мамдепартаменти Вальдхаймдын улутчулдар менен кызматташ болуп, экинчи Дүйнөлүк Согуш учурунда карапайым кишилерди өлтүрүүгө катышкандыгы үчүн Америкага кирүүгө тыюу салган. Нью-Йоркто 10 жыл бою кызмат өтөгөн Вальдхайм Америкага өмүр акырына чейин бара алган эмес.

XS
SM
MD
LG