Алар бүгүн Ооганстандагы кырдаалды талкуулап жтышат. Эки күндөн бери өтүп жаткан жыйындын биринчи күнүндө министрлер Европадагы америкалык радар комплексинин орнотулушу тууралуу маселени карашкан. АКШнын Коргоо министри Робертс Гейтс бүгүн билдиргендей, АКШ Европада антиракеталык системасын орното берет. Башкача айтканда, Орусия сунуш кылгандай, Азербайжандагы радар системасын биргелешип колдонбойт.