Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:33

САМАРБҮБҮНҮН ШАКИРТТЕРИ


Айымдардын арасынан чыккан айтылуу комузчу Самарбүбү Токтахунова Ага хандын маданият корунун Борбордук Азиядагы музыкалык демилгеси тарабынан каржыланган Бишкектеги “Устат шакирт” салттык музыка борборунда абалкы шайырлардын жолдорун жолдоп таланттуу жаш комузчуларга устаттык салт менен комуз үйрөтүүдө.

Ой комузчу, комузчу,
Чертип койчу комузду
Элжиресин эт жүрөк,
- дегендей залкар комузчу-аткаруучу, СССРдин, Кыргыз Республикасынын эл артисти, мамлекеттик Токтогул атындагы сыйлыктын лауреаты Самарбүбү Тохтакунова 45 жылдан бери черткен күүлөрү менен кыргыз эле эмес, чет өлкөлүк бейтааныш угуучулардын да руханий жан дүйнөлөрүн асылдыктын кереметине бөлөп, ырахат тартуулап келүүдө. Ал кыргыз филармониясында, улуттук консерваторияда иштөө менен бирге Ага хандын маданият корунун Борбордук Азиядагы музыкалык демилгеси тарабынан уюштурулган жана каржыланган Бишкектеги “Устат шакирт” борборунда абалкы шайырлардын жолдорун жолдоп жаш таланттарга комузду, күү чертүүнү нота менен эмес ата-бабадан бери келе жаткан устат-шакирттик салт боюнча үйрөтүүдө. Самарбүбү айымдын өнөрканасына баш бакканымда ал айтылуу комузчу Карамолдо Орозовдун кары-жашты ыймандуулукка, адамкерчиликке, улууну урматтап, кичүүнү сыйлоого чакырган “Насыйкат” аттуу күүсүн шакиртерине көргөзүү салты менен үйрөтүп жатыптыр. Самарбүбү күүнү чертип бүтөөрү менен амандашып, ал-жайды сурашкандан кийин, Ага хандын маданият корунун Борбордук Азиядагы музыкалык демилгеси боюнча уюшулган ордо калаадагы “Устат шакирт” борборунда качандан бери, канча жаш шайырларга устат болуп иштеп жатканы жөнүндө айтып берди:

- “Устат шакирт” борборунда иштеп жатканыма үстүбүздөгү жылдын 15-майында бир жыл болду. “Устат шакирт” борборунун директору Р.Сырдыбаева менен борбордун негиздөөчүсү Н.Нышанов “эже артыңызга из калтырбайсызбы, жаштарды тарбиялап бербейсизби” – дешип чакырганынан келип иштеп жатам. Сегиз шакиртим бар. Бардыгы тең таланттууу балдар. Борборго жөн эле мен комуз чертем деп келгендердин баарын албайбыз. Кыргызча айтканда борборго “жонун басып, тишин ачып” дегендей мыктылардын мыктыларын тандап алабыз. Мына менин маңдайымда отурган Азамат өмүрүндө комуз кармабаптыр. Менден окуй баштаганына бир жарым ай болду. Эки күү үйрөндү. Күүнү абдан жакшы көрөт экен. Ал эми өнөрүн өркүндөтүп кетүү Азаматтын өзүнөн. Мен ойлойм борбордун келечеги жаман болбойт деп. Себеби өзүбүздө болгон бүтүндөй күчүбүздү, талантыбызды балдарга арнап, өзүбүздө болгон бүтүндөй шыгыбызды, аткаруучулук чеберчилигибизди балдарга беришибиз керек.

- Кечиресиз, Самарбүбү айым шакирттериңди көргөзүү, угузуу салт мененби, же нота менен үйрөтөзүбү?

- Борбордун талабы боюнча нота менен эмес, абалкы комузчулардын салты боюнча угузуу, көргөзүү, ээрчитип жүрүп үйрөтүү жолу менен үйрөтүп атабыз. Маселен мен ар бир шакиртиме кайта-кайта чертип көргөзүп берип үйрөтөм.

- Эми Самарбүбү айым мүмкүн болсо сабагыңызды баштап көрсөңүз.

- Анда эмесе Ниязаалы атабыздын “Кер толгоо” аттуу күүсүн шакирттеримдин бири Азаматка үйрөтүүнү баштайын. Азыр Азамат “Кер толгонун” бир-эки кайрыгын чертип берем. Аны жакшылап угуп, менин кылды басканымды, оң кол менен черкенимди кара. “Кер толгоо” күүсүнүн эки кайрыгы чертилет. Аны Азмат кайра-кайра кайталайт. Сабак уланат.

- Самарбүбү эжеңдин өнөрканасына канча убакыттан бери келип, күү үйрөнүп жүрөсүң?

- Мен Самарбүбү эжемен төрт айдан бери сабак алып жүрөм. Мен кичинекейимен өзүмчө комуз чертип жүрдүм. Бирок мени эч ким үйрөткөн эмес. Агамдан “Устат шакирт” борбору бар экенин угуп келип Самарбүбү эжемдин өнөрканасынан окуй баштадым. Азыр болсо күүлөрдүн сырын билип көзүм ачылды. Самарбүбү эжемден көптү билдим. Эжеден сабак алып жатканымда кубанычтуумун.

- Нурзат бийкеч, Самарбүбү эжеңдин өнөрканасында качантан бери окуп жүрөсүң? Атактуу комузчулардын күүлөрүнөн кимдин күүсүн үйрөндүң?

- Мен “Устат шакирт” борборуна келгениме бир жыл болду. Келгенден бери Самарбүбү эжеден сабак алып жүрөм. Бир жылдын ичинде көптөгөн залкар комузчулардын күүлөрүн үйрөндүм. Азыр болсо эжеден үйрөнгөн Шекербек Шеркуловдун “Эмгек шаңы” аттуу күүсүн чертип берейин. Бул күү өздөрүнүн маңдай тери, таман акысы менен элдин алкоолоруна татыган күжүрмөндөрдү даңктаган күү.

- Самарбүбү айым Карамолдонун, Токтогулдун, Ыбырайдын ж.б. шайырлардын күүлөрүн үйрөткөндө түп нускасын угузуп үйрөтөсүңбү?

- Менин алдыма койгон максатым залкар шайырлардын аткаруусундагы күүлөрдү шакиртиме накта өзүлөрүнүн чертүүсүндөгү түп нускадан угузуп үйрөтүү. Мен өзүм да комуз үйрөнө баштаганымда залкарлардын чертүүсүндөгү күүлөрдүн тасмага жазып алып үйрөнгөн элем. Мына жакында Ыбырай атабыздын “Ыбырай Тумановдун күүлөрү” деген СД альбом чыгыптыр. Ага баш-аягы өзүнүн аткаруусунда 42 күүсү кириптир. Бул мен үчүн, балдар үчүн табылбаган баалуу мурас. Мен шакирттериме аларды угузуп үйрөтө баштадым. Менин көздөгөн бирден-бир максатым шакирттериме ар бир комузчунун күүлөрүн түп нускадан үйрөтүү. Ошондо гана ата бабаларыбыз калтырып кеткен көркөм мурастарын көзүбүздүн карегиндей сактап, элге жеткире алмакчыбыз.

- Ырахмат Самарбүбү айым. Шакирттериң өзүңдүн жолуңду жолдогон залкар комузчулардан болушун каалайм. Ишиңе ийгилик.
XS
SM
MD
LG