Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:53

КАЗАКТАР ЭМНЕ ҮЧҮН САЯСАТКА КЫЗЫКПАЙТ?


Баян Жумакадыр кызы, Прага Казакстандын президентине өмүр акырына чейин президент болуп кала берүүгө жол ачылганы, Назарбаевдин күйөө баласынын айланасындагы чуулгандуу окуялар чет элдик прессада чоң бүлүк салганы менен Казакстан жарандарын анчейин таасирлентпеген шекилдүү. Көптөгөн казакстандыктар саясат аларды кызыктырбай турганын, аларды көбүн эсе жашоонун жакшырышы кызыктыраарын айтышат. Мунун себеби эмнеде?

Мунай менен газга бай Казакстандын экономикасы дүркүрөп өнүккөн сайын, саясатка кызыгуу азайып бараткан сыяктанат. Жадаса Парламенттин Назарбаевге өмүр акырына чейин президент болуу укугун ыйгарганы да, бир ууч демонстранттарды эсепке албаганда, каршылык жараткан жок. Чет элдик байкоочулар сынга алган парламентке жана президенттик шайлоого да эл көңүл кош мамиле кылды. Көптөгөн жаштар саясат алардын өмүрүндө чоң роль ойнобогонун айтышат. Мисалы 28 жаштагы ишкер, интернет кафесинин ээси Галымжан деген жигит өлкөдө саясий туруктуулук өкүм сүргөнүнө ыраазы экенин баяндайт:

- Казакстанда бизнес кылууга жакшы мүмкүндүктөр бар. Кирешемдин 90 процентин бизнесим берет. Калктын кеминде 80 пайызы жеке бизнес эмне экенин билип калды. Бизнес кылуу үчүн бизде мыйзамдар бар, аларды жакшы билсеңиз жеке менчик иш ачуу оңой эле.

Казакстандыктырдын жашоо деңгээли Борбор Азиядагы кошуна мамлекеттердикинен кыйла жогору, киши башы киреше жылына 2400 долларга чейин барат. Кошуна Өзбекстан менен Кыргызстанда жылына 510 жана 440 доллар эле экенин айта кетели. Жумушсуздук өкүм сүргөн Өзбекстан, Кыргызстан жана Тажикстандын жарнадарынын бир кыйласы Казакстанда сезондук иштерде иштеп, жан сакташат.

Мунай менен газ иштетүү Казакстанда өтө бай калк катмарын пайда кылды, булар олигархтар менен саясатчылар. Дөөлөтү ашып-ташыган казакстандыктардын дүйнөнүн кымбат курортторунда, Батыштын байманалуу шаарларында эс алып жүргөнүн көрөсүң. Көптөгөн казакстандыктар чет өлкөлөрдөн мүлк сатып алып, балдарын батыштын таанымал университтеринен окутушат.

Кары-картаңдардын абалы да жыкшырды. 90-жылдарда пенсияларын ала албаган карылар демонстрацияга чыгып, наарызы болгон учурлар көп болгон, азыр болсо карыялар пенсияларын ай сайын акча автоматтарынан алчу болуп калышкан.

Суроо-талаптын өскөнүнө байланыштуу шаарларда квартиралардын баасы асмандап кетти. 45 жаштагы Абен деген киши бир бөлмөлүү үйдүн баасы 40 миң долларга жеткенин, андай акча карапайым жарандарда жок экенин бандап, мындай дейт:

- Азыр эски бир бөлмөлүү квартира 40 миң доллар турат. 40 миңди чогултуш үчүн айына 1000доллардан кем эмес акча табууң керек, ошондо да ичпей, жебей 4-5 жыл акча топтойсуң.

Бирок мындай маселелерде да абалды оңоону талап кылып, эч ким демонстрацияга чыга койбойт. Эл азыркы системаны, президент Назарбаевди стабилдүүлүктүн гаранты тутушат, тилекке каршы, чет элдик инвесторлор да ушундай пикирди туткан шекилдүү. Анткени одоно укук бузууларга, авторитардык башкаруунун күч алып баратканына карабастан, чет элдик инвестициялар өлкөгө аркырап агып кирип жатат.

XS
SM
MD
LG