Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:26

ОРУСИЯДА АРАКТАН УУЛАНЫП ӨЛГӨНДӨР КӨБӨЙҮҮДӨ


Муса Мураталиев, Москва Лондондогу гигиена жана тропикалык медицина мектебинин изилдөөчүлөрү чыгарган жыйынтык боюнча Орусияда аракка берилүү, биринчи кезекте эркектерди өлүмгө дуушар кылат. Ал изилдөө эки жыл бою жүргүзүлгөн жана бир эле Ижевски шаарынан алынган маалыматта, алкоголу көп болгону менен ичүүгө жараксыз суюктукту ичип өлгөндөр эркектердин 40 пайызын түзгөн. Маселен, алар үйдө жасаган арак, атыр же лосьон, антифриз же идиш-аяк жуучу суюктуктарды ичип өлүшкөн. Басылмалар айгинелегенге караганда Орусияда арактын артынан түшүп кеткендер калктын эмгекке жарамдуу чоң кишилеринин жарымына чукулдап барат.

Ырасмий булактар белгилегендей Орусияда эркектердин өмүрүнүн узундугу 59 жыл ал эми аялдардын өмүрүнүн узундугу 72 жылга тете. Анализчилер айтымында мындай чоң айырма эркектердин аракты көп ичүүсүнө байланыштуу.

Орусиянын өнүккөн өлкөлөрдөн айырмасы балдардын аз туулушунда эмес, элинин көп өлүшү дешет социологдор. Улуу Британиялык илимпоздор Уралда эки жыл ичип өлгөн 1750 эркек кишинин эмнеден өлгөнүн иликтөөгө алып чыгышкан. Ошондо алардын 40 пайызы жыты эле арак суюктукту ичип мерт болушканы дайын болгон. Андай жыты арактар арзан, ары жашырып жаап сатканга ылайык келерин ачышкан.

Илимпоздор андай суюктукта 97 пайызга дейре спирт болорун айтышат.

Профессор Дэвид Леон айтканга караганда: «андай суюктукта уулантчу зат болбогону менен алкоголу аябагандай көп болгондуктан адам баласынын ичегарды куйкаланып калат». Ал анан бир нече күндүн ичинде бөйрөк менен боорду иштетпей салат. Бөйдө сыркоо ошентип башталат дейт.

Ал жерде аракка берилүүнүн айынан Орусияда эмгекке жарамдуу 25тен 54 жашка чейинки кишилердин арасынан Улуу Британияга салыштыра келгенде 3,5 эсе көп өлөрү көргөзүлөт.

Басылмаларда жүргөн маалыматтарда «2006-жылы Орусияда жасалма ичимдиктен ууланып өлгөн кишилер эсеби 42 миңге жеткен».

Кечээ федералдык салык кызматы өлкөдө арак-шарап чыгарган 320 компаниянын ишин убактылуу токтоткону маалым болду. Көрсө алар ичимдикке кошулчу спиттин көлөмүн тизмелеп туруучу эсептик апсап орнотушпагандыктан алардын лицензияларын алуу болуптур.

Анализчилер баамында жыты арак жасап сатчулар спирттин кандайы болосун киреше үчүн пайдаланышат. Аны уулап ичикендер дегинкисин колунда жоктор. Псковдогу ооруканага жыты арактан ууланып түшүп дарыланып аткан Сергей Кулешовдун пикири боюнча бул жорук өлкөнүн башына түшкөн азап:

"Үйдө жасап саткан ичимдиктен дегинкиси жарды-жалчылар ууланышат. Азыр Орусияда арак уулап ичүү жагдайы ушуга жетип калды эми аны мыйзамдын күчү менен чечүү мүмкүн эмес."

Былтыр бир эле Санкт-Петербург калаада үй-жайсыз көчөдө калган кишилердин саны 54 миңге жеткени катталган. REGNUM жазганга караганда шаардык моргдо эч кандай дарексиз миңге чукул сөөк бар экени айтылат жана алар да көчөдө калып өлгөндөр болууга тийиш делинет.

XS
SM
MD
LG