Кыргызстандын бажыканасына жардыргыч жана маң заттарды табуу үчүн атайын аспапты сатып алууга 47 миң доллар жардам көрсөтүлдү. Бул аспап “Манас” аба майданында, “Ак-Жол” жана “Кара-Суу” жолдорунун текшерүү пункттарында колдонулат. Жардам Евробиримдик жана БУУнун өнүктүрүү программасы тарабынан каржыланып, “Аба майданында маң заттарды көзөмөлдөө” долбоорунун алкагында ишке ашты. Бул тууралуу Борбордук Азияда чек араларды жана маң заттарды көзөмөлдөө боюнча жетекчиликтен кабарлашты.