Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Февраль, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 05:11

ЖЕРҮЙ АЛТЫН КЕНИН ИШТЕТҮҮ БОЮНЧА ТЕХНИКАЛЫК-ЭКОНОМИКАЛЫК НЕГИЗДЕМЕ ЖАРЫЯЛАНДЫ


Геология жана минералдык ресурстар агенттигинде «Жерүй» алтын кенин иштетүү боюнча техникалык экономикалык негиздеме жарыяланды. Маалыматка караганда, “Жерүй” алтын кенин иштетүү боюнча ТЭН жасалып бүткөндөн кийин эми кенде жумушту кандай жүргүзүүнүн долбоору иштелип чыгууда. Андан кийин гана алтын казуу иштери башталат. Техникалык экономикалык негиздеменин бет ачаарына катышкан айрым тоо кенчилер долбоорду сынга алышууда.

«Жерүй» алтын кенин иштетүү боюнча техникалык экономикалык негиздеменин бет ачаарында “Жерүйалтын” жабык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы Сергей Емельянов долбоорду “Эко-сервис” илимий-өндүрүштүк фирмасы жана “Азиярудпроект” тоокен өндүрүштүк компаниясы менен бирдикте иштеп чыгышканын айтты.

- Техникалык экономикалык негиздер жасалып бүтүп, эксперттерден өткөндөн кийин гана кенде жумушту кандай жүргүзүүнүн долбоору иштелип чыгат. Андан кийин алтын казуу жумуштары башталат. Биз эл аралык талаптарга ылайык калыктарды сактоочу эки жай курабыз. Алтынды алуу үчүн Цианидди ташып келүү, сактоо, колдонуунун коопсуздугун сактайбыз.

“Жерүй алтын” жабык акционердик коомунун башкы геологу Эмил Осмонбетовдун пикиринде кенди иштетүүдө жаратылышка зыян келбелбей турган технология колдонулат.

Учурда Жерүй алтын кенинде иш токтоп турат. Аны талашкан эки чет өлкөлүк компаниянын соттошуусу аягына чыкмайын кенди иштетүү кыйын дешет адистер.

Техникалык экономикалык негиздеменин бет ачаарына катышкан Кыргызстан Тоо-кен өндүрүшчүлөр жана геологдор ассоциациясынын президенти Орозбек Дүйшев “Оксус” менен “Жерүйалтын” компаниясынын ортосундагы соттошуулар бүтмөйүнчө кенди ишке киргизүү кыйын, деп белгиледи. Орозбек Дүйшеевдин айтымында, азыркы тапта Жерүй кени каршылаш эки компаниянын айынан ишке кирбей, өлкөнүн экономикасына зыянын тийгизүүдө. Анын пикиринде буга кыргыз бийлигиндеги коррупция, туруксуздук себеп болду. Буга чейин Жерүйдө жети жолу ээлери алмашса да, эмнегедир кен иштебей турат. “Азыркы абалды карап көрүп, кенди “Оксус” компаниясына берген максатка ылайык келмек. Эми сот процесси аяктай электе, долбоорду кароо туура эмес” дейт Орозбек Дүйшеев.

- Жаңы заводду куруш үчүн кеминде бир жарым жыл керек. Эгер «Оксус» кура турган болсо, аны алар алты айда эле бүткөрүшөт. Анткени алар 80 % ишти бүткөрүп коюшкан. Бирок, эки компаниянын карама-каршылыгынан улам ушундай болуп атат.

“Асаба” партиясынын тең төрайымы Роза Отунбаеванын айтымында Таластагы “Жерүй” алтын кенин кайсы бир адамдар жеке кызыкчылыктары үчүн пайдаланууга аракет кылып жатат. Техникалык экономикалык незидерин түзүүдө камсыздандыруу, каржылоо жана кепилдик маселелерине көңүл бурулган эмес, дейт Роза Отунбаева.

- Алтын кендердин иштөөсү мыйзам чегинде болушу керек. “Жерүй” компаниясынын кожоюндары өздөрү түрткү болушуп, биздин бийлик башындагы адамдарды мыйзам бузууга өздөрү жардам берип, азыр өздөрүнүн кызыкчылыгын гана ойлоп атышат. Жерүй баш болгон алтын кендери боюнча өкмөт калыстыктан тайып, президенттин уулу Максим Бакиевдин жеке кызыкчылыгын гана колдоп жатышат. Бул долбоордо камсыздандыруу маселеси каралган эмес. Өмүрү алтын менен иштебеген чет өлкөлүк фирманы бетке кармашып, инвестор дешүүдө.

1998-жылы “Кыргызалтын” акционердик коому менен британиялык “Оксус Голд плс” компаниясы келишимге кол коюп, биргелешкен “Талас Голд Майнинг” компаниясы түзүлгөн. Өкмөт британиялык компанияга “Жерүй” алтын кенин иштетүүгө лицензия берген. Бирок да келишимде көрсөтүлгөн талап-шарттардын так аткарылбай жатканын негиз кылып НиколайТанаевдин өкмөтү 2004-жылдын августунда лицензиясын кайтарып алган. Британиялык компания менен кыргыз өкмөтүнүн ортосундагы талаш-тартыш так чечиле электе 2005-жылдын мартында бийлик алмашып, лицензияны кайтарып берүү-бербөө Феликс Куловдун өкмөтүнүн энчисине тийген. Ал “Жерүй” алтын кенин иштетүү тууралуу лицензиясын австриялык “Глобал Голд Холдинг ” компанияга тендерсиз ыйгарып койгон.

“Оксус Голд плс” компаниясына “Жерүй” алтын кенин иштетүү тууралуу лицензиясын кайтарбоо чечимин президент Курманбек Бакиев кабыл алганын, өкмөт башчы Феликс Кулов аны аткарууга аргасыз болгонун маалымат каражаттары аркылуу билдирген.
Жерүй кени австриялык «Глобал голд» деген компанияга берилген. Ал компаниянын белгилүү олигарх Борис Березовский менен байланышы бар деген сөздөр парламентте да айтылган. Бирок “Жерүй” жабык акционердик коомунун жетекчилери бул долбоорго орустун атактуу качкын олигархы Борис Березовскийдин тийешеси жок дешүүдө.

“Оксус Голд плс” компаниясы кыргыз өкмөтүн эларалык арбитраждык сотко берип, ашык-кеми жок 150 миллион доллар өндүрүп берүү талабын коюуда. 50 миллион доллар акча курулушка кеткен ыгым-чыгымдар, 100 миллион доллар алынбай калынган кирешенин эсеси.

Талаштуу лицензияны австриялык “Глобал Голд Холдинг” компаниясына берген кыргыз өкмөтү быйыл жыл аягына чейин алтын казып алууну баштоо талабын коюуда. Антишке жаңы компаниянын чама-чаркы жетер-жетпесин азыр эч ким айта албайт. Анын үстүнө кыска убакыт ичинде кен иштетчү фабриканы ишке киргизүү кыйын дешет тоокен адистери.

Жубанткан нерсе эле “Глобал Голд” кыргыз өкмөтү менен британиялык компаниянын ортосундагы соттук ыгым-чыгымдарды жаап, Талас облусунун социалдык-экономикалык өнүгүшүнө 3 миллион доллар акча жыл сайын бөлүп беришке макул болууда. Таластагы Жерүй алтын кенинин кору 70 тоннанын тегерегинде экени маалым.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG