Басылманы апрель митингдеринин тушунда жарыяланган “Он күн мөөнөт беребиз” деген макала үчүн Аксылык тургундардын өкүлдөрү сотко беришкен. Буга байланыштуу иш Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда каралат. Бул тууралуу арыз берген тараптын өкүлү Кубанычбек Маматкеримов “Азаттыкка” кабарлады.