Көз карандысыз мыйзамгер Салам Фаядды палестин президенти жана Фатахтын лидери Махмуд Аббас дайындаган эле. Фаяд министрлик кызматттарга негизинен көз карандысыз адистерди алууга ниеттүү. Жаңы өкмөт башчысы Газа Тилкесин исламчыл Хамас уюму өз көзөмөлүнө алгандан кийин бекитилди. Хамастын сүргүндөгү жетекчилиги жаңы өкмөткө колдоо билдирүүдө. Анын аралыгында Палестин президенти Махмуд Аббастын Фатх партиясын колдогондор бүгүн Батыш жээкте коомдук имараттарды тинтишти. Алар атаандаш ХАМАС партиясы колдогондорду издешкени кабарланууда.