Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:45

Басрада сунни мечитинде жардыруу болду


Шийилер басымдуулук кылган Ирактын түштүгүндөгү бул шаарда ушуну менен экинчи сунни мечити жардырылды. Ал-Ашраф ал-Мубараша мечити Басра шаарындагы калайыктын азчылыгын түзгөн суннилерге таандык. 15-июнда Басранын чет жакасында дагы бир сунни мечити кол салууга дуушар болгон.

Бүгүн АКШнын коргоо катчысы Багдадда Ирак лидерлери менен жолугушууда. Роберт Гейтс жанында жүргөн кабарчыларга америкалык аскерлер Ирактагы каршылаш тараптарга элдешүүгө мүмкүнчүлүк берип жатканын, бирок азырынча алымдуу жылыш жок экенин билдирди.

XS
SM
MD
LG