Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:42

Тажикстандын Жогорку сотунун имаратынын жанында жардыруу болуп, андан эч ким жапа чеккен жок


Ишембиде (16-июнда) Тажик ордо шаарында Тажикстан Жогорку сотунун кеңсесинин жанында жардыруу болду. Жардыруудан эч ким жабыр тарткан жок. Дүйшөмбү шаарынын прокурору Курбаналы Мухаббатовдун жоромолуна караганда, бул жардырууну “террорчулар” жүзөгө ашырган болушу ыктымал. Буга чейин өлкөдө орун алган жардыруулар үчүн тажик бийлиги Өзбекстан Исламчыл Кыймылы деп аталган мыйзамсыз топту айыптап келген эле.

XS
SM
MD
LG