Ырчынын өлкөнү түрө кыдырып, балдарга арналган алгачкы концерти 11-июнда Каракол шаарында башталды. Кыргызстандын бардык аймактарында өтө турган он бир концерттен түшкөн каражатты Гулнур Сатылганова балдар үйлөрүнө жана өспүрүмдөрдү калыбына келтирүү борборлоруна тапшырат. “Бул концерттер угармандарга гана эмес, балдарга дагы кубаныч тартуулайт. Караколдо өткөн концерттен чогулган акча каражатын биз эки балдар үйүнө тапшырдык. Ушундай жол менен гана биз өсүп келе жаткан муунга жардам бере алабыз”, деп белгиледи Гүлнур Сатылганова. (ZMa)