Тегерандын талаштуу ядролук программасын Евросоюздун тышкы иштерин тейлеген Хавиер Солана жана Ирандын баш өкүлү Али Ларижани талкуулашмакчы. Экөө буга чейин да бир катар сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн. Ирандын тышкы иштер министрлиги жаңы сүйлөшүү алдыдагы бир нече күндүн ичинде өткөрүлөөрүн бышыктады.