Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:53

КАМБАРАТА ГЭСтерине БАЙЛАНЫШТУУ МЫЙЗАМ КАЙРАДАН ПАРЛАМЕНТКЕ КОЮЛАТ


«Токтогул каскадындагы ГЭСтердин өзгөчө стастусу жөнүндөгү» мыйзамдан Камбарата ГЭСтерин чыгаруу жөнүндөгү мыйзам долбоору 15-июнда Жогорку Кеңеште колдоо тапкан жок. Бирок парламенттин отун-энергетика жана суу ресурстары боюнча комитети Камбарата ГЭСтерине байланыштуу жаңы мыйзам долбоорун ошол эле күнү иштеп чыгып, аны дүйшөмбү күнү парламенттин кароосуна сунуштоону чечти.

Президент өкмөт сунуштаган экономикалык багыттагы мыйзамдарды парламент жайкы каникулга тарап кеткенге чейин кабыл алышына катуу кызыкдар болуп жатат. Курманбек Бакиевдин пикиринде, бул мыйзамдарды кабыл алуу өлкө экономикасынын өсүшүнө шарт түзөт. Ал мыйзамдардын башында турган Камбарата ГЭСтерине байланыштуу мыйзам долбоорун парламент өткөн жума күнү кабыл албай койду. Бирок Жогорку Кеңештин отун-энергетика жана суу ресурстары боюнча комитети ГЭСтерди курууга байланыштуу жаңы долбоорду даярдап, аны 18-июнда парламенттин кароосуна коюуга ниеттенүүдө. Жаңы долбоордун мурункудан өзгөчөлүгү тууралуу комитеттин мүчөсү, депутат Садырбек Жапаров буларды белгиледи:

- Мурдагы киргизилген мыйзамда Камбарата-1, Камбарата-2, Бишкек ТЭЦи, Ош ТЭЦи баары бир эле. Мында болсо баары бөлүнүп коюлду. Мисалы, Камбарата-1, Камбарата-2 өзүнчө мыйзам, ТЭЦтер өзүнчө мыйзам болуп кирип жатат. Себеби баарын бир кылбай, ТЭЦтерди бөлүп койгула деп, каршы чыккан депутаттар болгон.

Садырбек Жапаровдун айтымында, жаңы мыйзамда Камбарата ГЭСтеринин 51% Кыргызстанда болуш керек деген так аныктама жазылбады. Муну талкуу учурунда депутаттар аныктамакчы.

Камбарата ГЭСтерин байланыштуу мыйзамды парламентте талкуу чечүүчү учурга жетип калганда премьер-министр А. Атамбаев Кыргызстанда болбой калды. Ал бир жума боюнча Түркияда медициналык текшерүүдө болду. Жума соңунда ал кайтып келип, жекшемби күнү жумушка чыкты. Өкмөт башчынын дүйшөмбү күнү парламентте болушу күтүлүүдө. 18-июнда күнү саат үчтө президент өкмөт мүчөлөрү менен экономикалык багыттагы мыйзамдарды кабыл алуу маселесине байланыштуу жыйын курат. Ага өкмөт башчы чакырылганын өкмөттүн маалымат кызматынан жекшембиде кабарлашты.
Өкмөт сунуштап жаткан экономикалык багыттагы мыйзамдар өлкө экономикасын алдыга жылдырууга жөндөмдүү, деп эсептейт Евразия экономикалык шериктештигиндеги Кыргызстандын вице премьер-министр даражасындагы мурунку өкүлү Базарбай Мамбетов:

- Жалпылап айтканда, ошолордун баары түз жолго коюп, иштетип кетсек, сөз жок (өнүгүү) болот.

Мамбетов Камбарата ГЭСтери боюнча мыйзамды кабыл албаган парламентти кескин сынга алды:

- Камбаратаны булар саясий оюнга айлантып жиберишти. Болгону эле Камбарата ГЭСтерин “Токтогул каскадынын өзгөчө статусу” деген мыйзамдан чыгарып коюш керек эле. Анан эми 51%, анан тосмо коюучу 36% алабыз деген сөздөр, бул маанисиз сөздөр. 51% эмес, 36%га эч ким келбейт. Эгерде 51% мамлекетте калса, анда курулуштун 51% мамлекет төлөп, инвестиция катары Камбарата ГЭСтерине жумшаш керек. А биз каяктан акча алабыз? 36% да таба албайбыз.

Жогорку Кеңеш жума күнү экономикалык багыттагы мыйзамдардын айрымдарын талкуулап, алардын экөөсү боюнча добуш берүүнү дүйшөмбү күнгө койгон. Ал “Өнүктүрүү фонду” жөнүндөгү мыйзам долбоору жана “Капиталдарды легалдаштыруу жөнүндөгү” мыйзам . Булардан сырткары өкмөт салык, баалуу кагаздар, депозиттерди коргоо, бажы системасына байланыштуу мыйзамдардын кабыл алынышына кызыкдар болууда. Ал эми парламенттин жайкы каникулга тароосуна толук эки жума калууда.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG