Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:11

ОРУСИЯ УЛУУ АТА МЕКЕНДИК СОГУШ УЧУРУНДАГЫ АРХИВИН ЫРАСМИЙ АЧТЫ


Муса Мураталиев, Москва Орусиянын коргоо министрлигинин архивдик кызматынын жетекчиси Сергей Ильенков 14-июнда маалымдоо жыйын өткөрүп, ал жерде Орусия Улуу Ата Мекендик согуш учурундагы жашырын архивдерин ача тургандыгын айтты. Кызыл армия жана Согуш-деңиздик флотунун ошол жылдары жүргүзгөн ишкердүлүгү боюнча топтолгон документтерден жашырын деген мөөрлөр өчүрүлүп ташталмак болуп атат. Полковник Ильенков айтканга караганда биринчи жолу ачыкка чыгып аткан документер эми согуш учурунда дайынсыз жоголгон жоокерлердин дарегин табууга да көмөк көргөзөт.

Эми 70 жылча мамлекеттик сыр болуп келген төрт миллионго чукул документтер менен каалаган киши тааныша алат дешет. Ал документерди Подольскидеги Орусиянын Коргоо министринин борбордук архиви, Гатчинадагы Орусиянын согуш-деңиз флотунун борбордук архиви жана Санкт-Петербургдагы согуштук медициналык документтер архивинен алса болот дешет.

1991-жылы кабыл алынган «Мамлекеттик сыр туурасында» мыйзам негизинде жашырын делип эсептелген документтер 30 гана жыл күчүндө болот экен. Бирок кийин бийлик кылчактап архивдерин ачпай келатканын айтышат. Ал эми бейшембиде өлкөнүн куралдуу күчүнүн архивдердин ачат экен деген кабар баарыдан мурда тарыхчылар менен анализчилер бүйүрүн кызытып салгансыды. Коргоо министрлигин архивдик кызматын башкарган Сергей Ильенков болсо журналисттер алдында мындайча жарыя айткан:

- Буйрукка министр кол койду. Аны юстиция министирлиги 5-июнда каттого алды. Тарыхчылар эми изилдөөсүн баштаса болот.

Илимпоздор чөйрөсү жашырында калып келген документтер менен таанышуу - буга дейре Улуу Ата Мекендик согуш тууралуу калыптанып калган көз карашыбызды өзгөртөт дешет. Андан тышкары ал согушта дайыны табылбай жок болуп кеткен көптөгөн кишилердин дарегин табуу үчүн маркумдардын тууган-туушкандарына жөлөк болот дешет. Белгилүү журналист Виталий Дымарский мындай дейт:

- Балким, архивдеги документтер, согушта курман болгондордун жалпы эсебин чыгарууга мүмкүндүк алып берет. Эмне дегенде Сталиндин тушунда экинчи дүйнөлүк согушта курман болгондор эсеби 10 миллиондун тегрегинде делинчү. Горбачевдун тушунда 27 миллион киши деп калышты. Азыркы тарыхчылар эсебинде согушта мерт болгондор эсеби 40-42 миллионго жеткен.

Куралдуу күчтөр арасы абдан саясатташып турган кезде элге таасир этүү максатта Кремль кыйла шумдук аракет жасап келген дешет. Алардын бири катары Борбор Азияда - айыркча Кыргызстанда - кеңири кадырга ээ болгон панфиловчулар эрдиги дегеле болбогондугун оозанышат. Ал туурасында, маселен, «Мемориал» борборунун илимий кызматкери Никита Петров айтат:

- Эч кандай 28 панфиловчулар болбогонун, Дубосеководогу ырга айланып кеткен карчылдашкан кармаш дегеле болбогонун тарыхчылар канча жолу далилдешти.

Андай «ырды» советтик бийлик атайылап өлкөдө элдердин моралдык саясий биримдигин чыңдаш үчүн ойлоп таап турган деп кошумчалайт.

Азыркы орусиялык бийлик архивинде жаткан Улуу Ата Мекендик согуш маалында чыгарылган трибуналдар менен сот өкүмдөрүн ошондой эле баш катырма түрүндө жазып жиберген телеграммаларды кол тийгис бойдон калтырган. Алардан да көп документтер Президенттик жана НКВДлык архивдерде, алар да мурдагыдай эле жашырын бойдон сакталууда дешүүдө.

XS
SM
MD
LG