Жума күнү депутаттар “Кыргызстанды өнүктүрүү фондусу жөнүндөгү” жана “Капиталды мыйзамдаштыруу тууралуу” мыйзам долбоорун карап, добуш берүүнү бүгүнкүгө калтырган. Каржы министри Акылбек Жапаровдун парламентте билдиргенине караганда, көмүскөдө мүлкү бар атуул бул мыйзам күчкө киргенден кийин токсон күндүн ичинде капиталын ачыкка чыгарып, мыйзамдаштырууга мүмкүнчүлүк алат жана долбоор кабыл алынса 200-250 миллион долларлык капитал ачыкка чыгышы күтүлүүдө. Бирок депутаттар мыйзам долбоордун чийкилигин белгилешип, ага кошумча жана түзөтүүлөрдү сунушташкан.(SM)