Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:26

10:03 Коомдук ишмер Төрөбай Кулатовдун мааракеси белгиленет


Өкмөт үйүндө коомдук ишмер Төрөбай Кулатовдун 100-жылдык мааракесин белгилөө боюнча уюштуруучу комитеттин жыйыны өттү. Ага вице-премьер-министр Досбол Нур уулу жетекчилик кылды. Маараке 2008-жылы, май айында өтөт деп болжолдонууда. Буга байланыштуу Төрөбай Кулатов тууралуу китептер, даректүү тасмалар чыгарылып, ЖОЖдордо илимий-практикалык конференциялар, көргөзмөлөр уюштурулуп, Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаарында Т. Кулатов атындагы музейди ачуу демилгеси көтөрүлдү. Мындан сырткары өлкөнүн жогорку окуу жайынын бирине, мектепке же көчөгө бул белгилүү коомдук ишмердин атын ыйгаруу иш-чаралары дагы каралууда. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. (ZMa)

XS
SM
MD
LG