Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:45

10:33 Билим берүү жана илим министри К. Осмоналиев иш сапары менен АКШда болуп келди


9-июндан 17-июнга чейин созулган иш сапарынын алкагында Каныбек Осмоналиев Эл аралык АКСЕЛС программасынын президенти Ден Девидсон менен жолугушту. Анда ЖОЖдордун ишин баалоодо эркин аккредитация өткөрүү, билим берүү тармагын реформалоо жана жогорку квалификациядагы адистерди даярдоо маселелери талкууланды. Иш сапардын жүрүшүндө Каныбек Осмоналиев АКШнын Монтана университетинин жетекчилиги менен жолугушуп, бир катар жаңы долбоорлорду ишке ашыруу маселеси каралды. Ага ылайык, ушул жылы Кыргызстандын тарыхы, белгилүү адамдары жана жаратылыш тууралуу китептер үч тилде чыгарылмакчы. Жолугушуунун соңунда эки тараптуу кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты. (ZMa)

XS
SM
MD
LG