Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:47

АФИША: ЖАҢЫРГАН ЖУМАНЫН МАДАНИЙ ОКУЯЛАРЫ


Бүгүн Чолпон-Атада “Чыгыштын балдары достошот” аттуу тогузунчу эл аралык фестиваль өтөт. Бул маданий иш-чараны балдар жана өспүрүмдөрдүн республикалык “Сейтек” борбору уюштурууда. Аталган борбордун адиси Анара Чилетирова билдиргендей фестивалга бир катар өлкөлөрдүн чыгармачыл жамааттары келишет.
Алты күнгө созулчу фестивалда сырттан келген коноктор жана кыргыз өнөрпоздору концерттик программаларын тартуулоо менен бирге облустун тарыхый жана маданий жайларын кыдырышат.

19-июнда улуттук опера жана балет театрында “Жаш таланттарга-салттык аспаптар” долбоорунун бет ачаар аземи болот. Аземдин Кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча Швейцариялык башкармалык облустардагы музыкалык мектептерге комуз, кыл кыяк, чопо чоор, сыбызгы жана башка ушул сыяктуу аспаптар тапшырылат. Долбоордун алкагында өлкөнүн баардык аймактарынан келген уста чеберлердин эмгектеринин көргөзмөсү ачылат.

19-июндан 20-июнга чейин орус драма театрынын артисттери “Балдардын жайкы театры” аттуу маданий иш-чара өткөрөт. Анын алкагында балдар жомокторунун негизининде сахналаштырылган спектаклдер көрсөтүлөт. Ошондой эле сүрөт көргөзмөлөрү уюштурулат.

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Гулнур Сатылганова Кыргызстандын аймактарына ыр турнесин баштады. Ырчы 19-июнда Баткенде, 20-21-июнда Ош шаарында, 22-23-июнда Жалал-Абадда жеке концертин тартуулайт.

Ал эми жаш ырчы Мирбек Атабеков түштүк жергесинин тургундарына концерт тартуулоодо. Ырчынын билдиргенине караганда түштүк аймагынын шаарларынан тартып, айылдарына чейин кыдырып, Баткенден кайтып келет.

Гапар Айтиев атындагы улуттук сүрөт музейинде он жаштагы сүрөтчү Санжар Коңурбаевдин жеке көргөзмөсү өтүүдө. Анда Кыргызстанды, табиятты, дүйнө өлкөлөрүн чагылдырган сүрөттөр коюлган.

Ушул эле музейде немец сүрөтчүлөрүнүн эмгектеринен турган көргөзмө жүрүүдө. Анда Германияны жана борбору Берлин шаарынын турмушу чагылдырылган сүрөттөр бар.

Бишкекте француз, немец жана кыргыз кинолорунун фестивалы өтүүдө. Көрармандарга тартууланчу фильмдер туурасында Франциянын маданий иштер боюнча өкүлү Шарлота Урбен буларды билдирди.

-Жумалыкта француз, немец, жана кыргыз киноишмерлери жараткан тандалган тасмалар көрсөтүлөт. Башкача айтканда соңку он жыл аралыгында тартылган, эл аралык фестивалдарга катышкан тасмалар жана жаш кинорежиссерлор жараткан фильмдер.

Иш-чаранын жүрүшүндө ошондой эле француз жана кыргыз киноишмерлеринин катышуусунда устаттык сабактар өткөрүлөт. Ал эми фестиваль 22-июнда жыйынтыкталат.

Айжан Шаботоева, Бишкек
XS
SM
MD
LG