Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:28

16:08 Кыргызстан жана Түркиянын укук коргоо органдары кызматташмай болду


16-июнда Туркиянын Стамбул шаарында Глобалдык коопсуздук жана демократияга арналган экинчи эл аралык конференция аяктады. Ага НАТО, БУУ, эл аралык уюмдардын, илимий изилдөө институттарынын жана дүйнөнүн 82 өлкөсүнөн келген укук коргоо жана коопсуздук күчтөрүнүн 970 өкүлдөрү катышкан. Конференцияда террорчулук, маң зат жана адам аткезчилиги менен күрөшүү сыяктуу маселелер талкууланды. Кыргызстандан бул конференцияга ИИБнын жетекчиси М. Конгантиев баштаган расмий делегация барды. Иш-чаранын жүрүшүндө Молдомуса Конгантиев Түркиянын Коопсуздук башкармалыгынын эл аралык байланыштар боюнча департаментинин директору Режеп Гүлтекин менен жолугушту. Сүйлөшүү учурунда эки тараптуу кызматташтык жана түрк тараптан өлкөгө техникалык-материалдык жардам көрсөтүү тууралуу сөз болду. Мындай маалымат ТИМнин басма сөз кызматынан алынды. (ZMa)

XS
SM
MD
LG