Бүгүн түштөн кийин болгон катуу шамалда Бишкектин Москва көчөсү менен Үмөталиев көчөсү кесилишкен жерде дарак кулап, автоунаалардын өтүүсүнө тоскоолдук кылып турат.Мына ушундай эле окуя мындан бир-эки жума мурун болуп, анда беш автоунааны кулаган дарак басып калган. Бул ирет андай кокустук болгон жок. (AiT)