Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:56

16:38 А.Бекназаров: Президент Аксы окуясы боюнча сот ишин токтотпогондугун төгүндөсүн


Бүгүн Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында депутат Азимбек Бекназаров президент Курманбек Бакиевге өтүнүч менен кайрылды. Анда А.Бекназаров “Президент Аксы окуясы боюнча ишти кароого тыюу салган” деген маалыматты төгүндөөгө үндөдү. “14-июнда, сот болоор күндүн алдында Жогорку соттун төрагасы Курманбек Осмонов сотторду, Баш прокурор Э. Сатыбалдиев, Коопсуздук кеңешинин катчысы Токон Мамытовду өзүнө чакырып, президент бул ишти карабоо талабын койгонун айткан. Анын соңунда сот иши 28-июнга которулду”, -деди А.Бекназаров. Депутат президенттин Жогорку кеңештеги толук ыйгарымдуу өкүлү Каныбек Жороевге кайрылып, К.Осмоновдун сөзүн төгүндөөгө чакырды. Бекназаров ошондой эле аксылыктар 28-июнда Жогорку сотко келбестен, күзүндө Бишкеке жөө жүрүш жасай тургандыгын да белгиледи. Өз кезегинде К.Жороев президент Аксы окуясы боюнча өтүп жаткан сот ишине тиешеси жок деп билдирди. (ZMa)

XS
SM
MD
LG