Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан бүгүн кабарлашты. Сүйлөшүүдө Кыргызстандын эксперттик тобун өкмөттүн регионалдык маселелер боюнча бөлүмүнүн башчысы Саламат Аламанов жетектөөдө. Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 970 чакырым келет. Анын 460 чакырымы делимитацияланган. Аныкталган чек ара сызыктары тоолуу аймактарда жайгашкан. (AiT)