Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:09

КАПИТАЛДЫ АДАЛДОО ҮЧҮН МУНАПЫС БЕРГЕН МЫЙЗАМ КАБЫЛ АЛЫНДЫ


18-июнда Жогорку Кеңештин депутаттары өкмөт сунуштаган «Акча каражаттарын, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү ачыкка чыгарууга байланыштуу мунапыс берүү жөнүндөгү» мыйзам долбоорун талкуулашты. Капиталдарды легалдаштыруу, финансылык амнистия жаатындагы бул мыйзам долбоору көптөгөн талаш-тартыштарды жаратып, соңунда өзгөртүүлөр жана толуктоолору менен кабыл алынды. Каржы министринин айтымында финансылык амнистиядан кийин ар бир мамлекеттик кызматкер, ар бир адам дүйнө-мүлкү тууралуу сөзсүз түрдө декларация толтурушу керек болот. Ал эми буга чейин көмүскө экономикада жүргөндөр мүлктөрүн адалдоодо анын 5 %ын мамлекетке кайтарууга мажбур болушат. Өкмөт мүчөлөрүнүн айтымында мүлктөрдү легалдаштыруу жөнүндөгү бул мыйзам казынага 250 миллион доллар пайда алып келмекчи.

Капиталды легалдаштырууга, дүйнө-мүлктөрдү мыйзамдаштыруу үчүн мунапыс берүүгө багытталган бул мыйзам долбоору 1991-жылдан кийин президенттик, өкмөт башчылык кызматтарда отургандарга, күч органдарында жана башка жогорку кызматтарда тургандарга жана алардын тууган-туушкандарына таркабай турган болду.

Депутат Кубатбек Байболовдун сунушу менен легалдаштырылган мүлктүн 5 %ы мамлекетке кайтарылмакчы. Айрым депутаттар мамлекеттик мүлктү талап-тоногондордун мүлкүн адалдоодон мурда алардын атын атап, мыйзам чегинде жоопко тартуу керектигинда айтышты. Депутат Өмүрбек Бабанов, бул мыйзамды күнөөкөрлөрдү издеп убара болбой эле кабыл алуу керек деген ойдо:

- Биз мына ууруларды кармайлы, ууруларды кармамайынча легалдаштуруу кылбайлы деп айтып атабыз. Эми буга чейин канча ууруну кармадык. Бул мыйзам ошол чиновниктер маң заттарын, арак сатпагандан кийин аларды легалдаштыралы деген ой да. Карап көргүлө, Ысыккөлдө бир сотке жердин баасы үч миңден беш миң долларга чейин. Сатып алган адамдар аны жүз доллар деп каттатып атат. Муну легалдаштырып, мүлккө болгон салыкты киргизбейлиби.

Каржы министри Акылбек Жапаров даярдаган бул мыйзам долбоорунда кайтарылган мүлктүн 1%ы мамлекетке алынышы керектиги айтылса, Бюджет жана финансы комитети аны 0,5 гана % кылуу керек деген чечимге келген. Депутат Кубатбек Байболов буга караманча каршылыгын билдирип, аны 5 %га чыгаруу керек деген сунушун киргизип, депутаттардын колдоосуна ээ болду:

- Биз таптакыр уурдалган мүлктү бекер мыйзамдаштырып салалы деп атпайбызбы. Муну окуган эл эмне дейт. Болуптур, камалбаптырсың, кызматыңан алынбаптырсың, моралдык жоопкерчиликке дуушар болбоптурсуң, жок дегенде акчасын төлөп бер дегенге жарабайбызбы. Жок дегенде беш пайыз деп койбойсуңарбы. Ошол уурдап, жеп алган мүлкүнүн беш пайызын төлөп берип туруп анан мыйзамдаштырып алсын.

Өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев, аталган мыйзам долбоорун жок дегенде биринчи окууда кабыл алып берүүгө чакырды. Ал эми депутат Өмүрбек Текебаев, бул мыйзамды кабыл алгандан кийин чиновниктер үчүн эрежелерди катаалдаштыруу керек деген ойдо. “Анткени талап-тоноп көнүп алган эмелер кайра эле финансылык амнистияга ишенип, уурулугун уланта бериши ыктымал.”

- Биринчи жолу капиталдарды амнистия кылалы деп атабыз. Мен, мейли бул мызмамды кабыл алалык, бирок мындан кийинки эрежелерди катаалдаштыралы, мындан кийинки уурдап алгандарын ачык пайдалана албагандай болсун деген сунуш кылып атам.

Каржы министри Акылбек Жапаровдун айтымында, мыйзам кабыл алынгандан кийин мамлекетке 200-250 милиион доллар кошумча каражат түшөт. Ошондой эле ал амнистияны таштай туруп, оболу мамлекеттик мүлктү уурдагандарды аныктоо керек дегендер ошолордун атын атаса туура болмоктугун, айрым ондон үйү бар депутаттардын да бул мыйзамга каршы чыгып жаткандыгы таң калычтуу болуп жатканын, демек амнистия кабыл алынса-алынбаса да салык төлөбөй жүрө берейин деген эргулдар парламентте отурганын баса белгиледи.

XS
SM
MD
LG