Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Март, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 20:04

ЖУРНАЛИСТТЕР ОК АТУУ, СУУДА СҮЗҮҮ БОЮНЧА КҮЧ СЫНАШТЫ


Коргоо министрлигинин демилгеси менен журналисттер арасында тапанчадан ок атуу жана сууда сүзүү мелдештери өткөрүлдү. Бул мелдештерге республикалык маалымат каражаттарынан отуз журналист катышты.

Маалымат каражаттарынын өкүлдөрү алгач
Бишкектеги Дайыр Асанов атындагы аскердик лицейинин окуу имараттары, турмушу менен таанышып чыгышты. Лицейде жаңы ачылган ок атуучу жайда журналисттер адегенде тапанчадан таамай атуу боюнча мелдешке катышты. 50 метр аралыкта тапанчадан алты ок атууда «КТР-Обо» гезитинин өкүлдөрү арбын упай топтоо менен биринчи орунду ээлеп, Өтмө кубок менен сыйланды. Экинчи орунду дагы Мамлекеттик телерадиокомпаниянын журналисттери ээлешти. Байгелүү үчүнчү орун «Эркинтоо» гезитинин командасына ыйгарылды.

Командалык мелдеш аяктагандан кийин журналисттер 25 метрде кыймылдап турган бутаны карай ар бири үчтөн жолу ок атышты. Натыйжада кыз- келиндер арасында мыкты мерген деп «Азаттык+» жаштар берүүсүнүн кабарчысы Элеонора Мамбетшакирова таанылып, баш байгенин ээси болду. Экинчи орунду «Мекен чегинде» аскердик телекөрсөтүүнүн кызматкери Гүлжамал Аманкулова, үчүнчү орунду «Эркинтоо» гезитинин кызматкери Жазгүл Кенжетаева камсыз кылышты.

Ал эми жигиттердин арасында тапанчадан таамай аткан «Вечерний Бишкек» гезитинин кабарчысы Азамат Касыбеков болуп, биринчи орунду ээледи.
Экинчи орунду «Чуйская известия» гезитинин кызматкери Арлен Мамутов камсыз кылды. «Мекен чегинде» теле көрсөтүүнүн режиссери Мукаш Байтаков үчүнчү орунга жетти.

Маалымат каражаттары арасындагы тапанчадан ок атуу мелдешинин жеңүүчүсү Азамат Касыбековдун айтымында, мындай мелдештерге мурда катышып жүргөнү, ок атуу спортуна кызыгуусу баш байгенин ээси болууга негиз болду.

Коргоо министрлиги журналисттерди ошондой эле жекшемби күнү Ысыккөлдүн түштүк тарабындагы Тамга айылына жакын жайгашкан пансионатына алып барды. Кайрадан оңдолгон эс алуу жайынын ачылышына катышкан журналисттер арасында көлдө сүзүү, топ ойноо боюнча да жарыштарды уюштурулду.

Маалымат каражаттарынын өкүлдөрү спортту жана башка темаларды чагылдырып жүргөнү менен өз ара мелдешке катышуусу сейрек. Ошондуктан мындай иш чаралар Коргоо министрлиги тарабынан ар жыл сайын өткөрүлүп турмак болду.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG