Анда өткөн шаршембиде Сокулук районунун тургундарынын ууланууга кабылуусуна байланышкан маселе да каралмакчы. 13-июндун кечинде Бишкектин чет жакасындагы “Алмаз” кафесинен алынган шишкебекти жеген он киши ууланып, алардын үчөөсү каза тапкан эле. Саламаттыкты сактоо министрлиги уулануунун себептерин иликтеген текшерүүнүн жыйынтыгы жакынкы күндөрдө белгилүү болоорун кабарлоодо. (SM)