АКШнын мамлекеттик катчысы Кондализа Райс Вашингтон Палестин аймагына тикелей жардам көрсөтүүгө тыйуу салган эмбаргону алып салаарын билдирди. Мындай чектөөнүн киргизилгенине 15 ай болгон. Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча жетекчиси Хавьер Солана да палестиндиктерге гуманитардык жардам көрсөтүлөөрүн жарыялады.