Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:10

НАТОго ООГАНСТАНДА КООМДУН КОЛДООСУ КЕРЕК


Ооганстанда НАТОну чалкеш абалга койгон маселелер, иштер көбөйдү. Эл аралык коалиция бир жагынан Кабулдагы өкмөттүн амирин тааныгысы келбеген аймактарды борбордук бийликке каратканга көмөк көрсөтүүдө. Экинчи жактан, ар кошкон ала-кула күчтөрдүн, баарыдан мурда талиптер менен ал-каидачылардын кооп-козголоңун баса албай, аларга кошуп кээде жергиликтүү калкты бөөдө чыгымга учуратып, мунусу үчүн акараат сөзгө кала баштады. Ооганстандагы бейпилдик озуйпасынын дал ушул эки өңүтү өткөн аптада Брюсселде болуп өткөн НАТОнун коргоо министрлери саммитинде атайын сөз болду.

Өткөн жекшембиде эле козголоңчулар Кабулда полицмендерди тартып бараткан автобусту жардырып, отуз бештей кишини жер жаздантты. Анын соңунан коалиция өлкөнүн түштүгүндөгү кыштактарда ал-каидачылар окбаане кылып алган мечитти бомбалашып, ага кошо ошо жердеги мектепти да аткылап алышып, жети баланын убалына калышты.

Аскери операциялар маалында калк ичинде бөөдө курмандыктар көбөйө баштаганы НАТОнун негизги баш оорусуна айланды. Мындай чыгымдарга жол койбос үчүн эмне кылуу керек, кандай кошумча чараларды көрүү зарыл? Альянстын коргоо министрлери өздөрүнүн Брюсселдеги жылдык жыйында бу маселени ооган министри Абдул Рахим Вардак менен ийри отуруп,түз сүйлөшүп чыгышкан эле. Ооган министри 1566 өлкөдө коопсуздукту камсыз кылуунун бирден-бир жолу деп өздөрүн коргогонго оогандардын өзүнө мүмкүндүк берүүнү атады жана муну алар миңдеген жылдардан бери жасап келишкенин эске салды.

Бул пикирге макул болуп, НАТОнун баш катчысы Яаап де Хооп Схеффер альянс ооган армиясын, коопсуздук күчтөрүн уруш-согуш усулуна маш кылып,аларды заманбап жарак-жабдыктар менен камсыз кылууну күчөтүү зарылдыгын белгиледи. “Бу жагынан, менимче,биргелешип көп иштерди жасадык,бирок алдыда андан да көп нерсе жасоо керек”,- деп айтты Схеффер. Баш катчынын айтымында, НАТОнун Ооганстандагы озуйпасы да акырындап өзгөрүшү керек. Коалиция тикелей аскери операцияларды өткөрүүдөн бошотулуп, бара-бара жагдайга тек гана көзөмөл кылуу милдетин аркалап калышы абзел.

Деген менен ушу азыр коалицияга оогандыктардын коомдук колдоосу зарыл болуп турат. Эл аралык коопсуздук күчтөрү менен НАТО адамдарды ойгелди өлтүрүп жаткан жок, деп айтты Схеффер. Муну талиптер жасап жатышат. Жол боюна бомба коюп, жанкечтилерди айдактап, калк ичиндеги курмандыктарды ошолор көбөйтүп жатышат.

XS
SM
MD
LG