Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:17

10:45 Аксылыктардын адвокаты жана укук коргоочулар Жогорку Соттун төрагасына кайрылышты

Анда алар Аксы окуясы боюнча сотту 28-июнга калтырууну өтүнүшкөн. Андан сырткары аксылыктардын адвокаты Сартбай Жайчыбеков, укук коргоочулар Төлөкан Исмаилова, Азиза Абдрасулова жана 14-июнда сотко келген жабырлануучулар судьялар Жороев, Маткеримов жана Турдумамбетовго ишеним көрсөтүшпөсүн билдишкен. “14-июнда сотко келген аксылыктар 16-17-июнда үйлөрүнө кетишкен. Ошондуктан алардын 21-июнда Бишкекке келип, сотко катышуусу мүмкүн болбой калат. Кыязы, Жогорку Сот аксылыктардын сотко катышуусуна кызыкдар эмес болуп жатат” деп белгиледи “Кылым шамы” уюмунун лидери Азиза Абдрасулова. (AiT)
XS
SM
MD
LG