«Агым» гезити окурмандардын көңүлүн төмөндөгү төрт көйгөйгө бурду. Биринчиси: Учак менен учуп баратып кереметтүү Ысык-Көлдүн бетинин айрым жерлеринде сары, айрым жерлеринде ак тактар пайда боло баштаганын байкоого болот. Алтургай балыр баса баштаган. Көл жээгиндеги экологиялык-санитардык абал өзгөчө көңүл бурууга арзыйт. Азыр алдын алуу чараларын көрбөсө кийин кеч болуп калары турган иш. Касиеттүү көлдү акча табуунун булагына айланткысы келген бийлик ошол тапкан акчаларды кайра көлдүн өзүн сактап калууга бурушу керек. Экинчиси: Кыргызстанда бурцеллез менен ооруган кишилердин көбөйүшү малдын массалык түрдө ылаңга чалдыгуусунан келип чыгууда. Маселен быйыл «тып» этип тырнактай тамчы тамбаган Нарын облусунун райондорундагы абал айрыкча оор. Ушу күндөрү кой-эчкилер аты белгисиз ылаңдан күн санап өлүмгө учуроодо. Ветеринардык вакциналар жетпейт, жеткирилгендеринин таасири жокко эсе. Үчүнчүсү: Кыргызстандын аймагында бүгүнкү күндө 145 миллион тонна уран калдыктары көмүлгөн «бейиттер» бар. Алардын баарынын сакталышы айласыз абалда калгандыктан кокус бир нерсе болуп кетсе ошол «бейиттерден» атылган «жин» айыл-кыштактарды капташы мүмкүн. Маселен Ысык-Көлдүн үстүндөгү Кажы-Сай аймагында эле 600 миң тонна уран көрүстөнү турат. Эми Орусия Кара-Балтадагы уран иштетчү комбинаты ишке киргизе турган болсо анда мындай көрүстөндөрдүн саны дагы арбыйт. Төртүнчүсү: Буга чейин Парламент сессиясында айтылып, өкмөттүн жыйынында козголуп, ММКларда жазылып, бирок таптакыр ордунан жылбай келе жаткан дагы бир көйгөй-ал күн сайын 70-80 тонналык Кытай машинелери чегараны кой, Бишкектин көчөлөрүн ээн-элкин аралай баштаганы болууда. Жолдор талкаланганы аз келгенсип, алар кандай жүк менен келип-кетип жатканын текшерген жан жок. Гезит зээнди кейиткен мына ушул төрт жагдайга окурмандарынын көңүлүн бурду.
«Эркин тоо» гезити аркылуу президент К.Бакиевге Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Өзгөрүш дыйкан чарбасынын мүчөсү Медербек Абдыкадыров кайрылып, 2006-жылдын июнь айында ага жөнөткөн каты ушул кезге чейин жоопсуз калганын, 2007-жылдын 22-майында дагы бир кат жазып киргизгенин, айыл өкмөт башчысы 5 миллион сомго жакын каражатты өз кызыкчылыгына пайдаланганына далилдерин келтирип республиканын Башпрокуроруна 11 жолу кат жолдогонун, бирок бир жолу да оң натыйжа чыкпаганын жазып чыкты.
«Кыргыз туусу» гезити Кыргыз эл жазуучусу Асанбек Стамовдун ой-пикирине орун берди. Айтылуу жазуучу акыркы кездери талкууга айланып келаткан Мамлекеттик Гимндин тегерегинде сөз кылып, талашка түшкөн «бейкут», «дил» деген сөздөрдөн өөн издөө, анын сөзүн өзгөртөбүз деген болбогон кеп экенин, эгер андай болсо ансыз да бөлүнүп-жарылып турган элдин ичиндеги чатакты арбытаарын айтып, ушул ойдо жүргөндөрдү акыл эске чакырган.
Мамлекеттин энбелгисине кайрылган дагы бир эл жазуусу Мар Байжиев «МСН» гезитине «Кыргыздын туусу көк болуш керек» деген макала жарыялады. Макалада автор 93-жылы дал ушул Мамлекет энбелгилери боюнча депутаттык комиссияда болгонун, ошондо эле ушул ойду айтканын, Көк туу кыргыздарда Манастан бери келатканын, ал эми Кызыл туу- согуштун белгиси болорун, азыркы кыргыз туусун коомчулук бекеринен Күнкарамага окшоштуруп жатпаганын, анткени Күнкарама табиятында Күндү айланып өсөрүн, алтургай күнбүркөктө да кечке Күнду айланып жүрүп, кечинде башын шылкыйтып жер тиктеп каларын, ошондуктан кыргыздар ар кимдин көзү менен тең айлангандарды кошоматчы санап, «Күн тийген жердин күкүгү» деп жек көрөрүн, анын үстүнө туубуз кандай болсо биз да ошондой болуп, канча жылдан бери коррупция менен кошоматчылыктын чеңгелинен чыкпай келатканыбызды кеп кылып, жаңы туу боюнча сүрөтчү Бакыт Күренкеевдин көк түстөгү эмгегин сунуш кылган.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ