Бул тууралу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет. Сынакка билим берүү программаларына автордук укугу бар телекомпаниялар катыша алат. Баштапкы билим берүү (12 жашка чейин), жаштар үчүн билим берүү (12-17 жашка чейин) жана чоңдор үчүн билим берүү деп сынак үч категорияда өтөт. “Джапан Прайз” сынагынын Гран-присине ээ болгон программа ээлери беш миң доллар, ал эми жогорудагы категориялар боюнча жеңүүчүлөр үч миң доллардан акчалай байге алышат. Сынак Токио шаарында, 23-29-октябрь күндөрү өтөт. Ага катышуу үчүн арыз баракчасын 31-июльга дейре тапшыруу керек. Кененирээк малыматты www.nhk.or.jp/jp-prize/ Интернет баракчасынан алууга болот. (ElenK)