Жалалабат шаарынын Көкарт микрорайонундагы төрт жана беш кабаттуу эки үйдү ээлеп алгандардын өкүлдөрү аларга күч колдонбоону, турак-жай талашын чечүү үчүн сотко кайрылууга убакыт берүүнү өтүнүп облус жетекчилерине кайрылышты. Алардын өкүлү Анарбай Орозов чала бүткөн үйдө тургандарды чыгаруу үчүн милициянын атайын отряды колдонула турган болсо, өзүн өзү өрттөөгө даярданып койгонун билдирди. Облустагы турак-жайга муктаж миңдеген адамдар былтыр депутат Кадыржан Батыров өзбек тилине расмий тил макамын берүү митингисин уюштурганына нааразы болушуп, Жалалабаттагы ага караштуу көп кабаттуу үйлөр менен Темирташ акционердик коомун, 43 гектарга жакын жерди жана канаттуулар фабрикасынын жайдак аянттарын басып алышкан. Шаар соту турак-жай «Элдердин достугу» университетине караштуу деп таап, ал үйлөрдү басып алгандарды чыгаруу жөнүндө чечим кылган. (YA)
15:14 Депутат К. Батыровго караштуу турак-жайларды ээлеп алгандар аларга күч колдонулса өздөрүн өрттөшкө даяр