Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:23

“БАШАЛАМАН” КӨРКӨМ ТАСМАСЫНДА БАҢГИЛИК ПРОБЛЕМАСЫ ЧАГЫЛДЫРЫЛГАН


Чыгармачыл жаштардын “Үкү” тобу тарткан “Башаламан” көркөм тасмасы ушул күндөрү көрүүчүлөрдүн сынына коюлууда.

“Башаламан” тасмасы бүгүнкү күндүн айрым көйгөйлүү маселелерин чагылдырат. Башкача айтканда, топ-топ болуп уюшкан жаштардын кылмыш дүйнөсүн, баңгилик, уруулук жана башка ушул сыяктуу маселелерди козгойт. Фильмде негизинен айылдан шаарга билим алууну көздөп келип, уурулук, талап-тоноочулук менен жан баккан жаштардын тобуна кошулуп кеткен баланын турмушу баяндалат.

-Көпчүлүк ата-энелер балдарын шаарга жөнөтүп коюуп эле, эч кабар алышпайт. Баласы окуп жатабы же таштап койдубу аны менен иштери жок, андыктан мына ушул тасма аларга таасир этет деген тилекте тарттык- дейт фильмдин продюссери Элдияр Айылчиев.

Тасмага келген көрармандардын көпчүлүгүн жаштар түздү. Алардын айрымдары тасманын тарбиялык мааниси бар экендигин белгилешти. Ал эми Эгемберди аксакал жаштар үчүн таасири чоң деген пикирин билдири. Көрармандардын арасынан фильмге сын көз-караш менен карагандар да болду. Мисалы Клара Кунасовага тасма жаккан эмес. Анын пикиринде тасма профессионалдык деңгээлден алыс.

Чынында эле фильмди тарткан чыгармачыл топ да, тартылган актерлор да кинотармагына тиешеси жок, тажрыйбасыз адамдар. Режиссер Кубат Шамшиевин айтымында киного тартуу үчүн атайын бул тармакка тиешеси жок адамдарды тандап алышкан.

-Бул фильмди мындан алты жыл мурда баштаганбыз, бирок каражат жоктугунан тартуу иши токтоп калган. Аягына чыгаруу үчүн кээ бир балдар Орусияга чейин барып иштеп келишти. Ошентип өзүбүздүн жеке каражатыбыздан фильм жаралды. Тасманы тартууга болжол менен он миң доллардын тегерегинде акча сарпталды,- деп билдиришти фильмди жаратуучулар.

Бул фильмге карата киноишмерлердин арасында түрдүү пикирлер айтылууда. Кыргызкиноконцерндин жетекчиси Замир Эралиевдин пикиринде бул тасманын профессионалдык деңгээли өтө начар.

Айжан Шаботоева, Бишкек
XS
SM
MD
LG