Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:52

16:33 Новопавловка айылында адамдар өсүмдүк уусунан ууланышы ыктымал


Мындай божомол бүгүн эпидемия жана эпизоотияга каршы өкмөттүк комиссиянын жыйынында айтылды. Белгилүү болгондой 13-июнда Новопавловка айылындагы “Алмаз” кафесинен шишкебек жеген 10 киши ууланып, үчөөсү мерт болгон. Учурда тийиштүү анализдер алынып, текшерүү иштери уланып жатат, деп маалымдалды жыйында.Республикалык соттук-медициналык экспертизанын башчысы Кубат Шадыбековдун айтымына караганда, адамдар шишкебектен эмес, ошол шишкебекти орогон кагаздагы, же башка жактан түшүп калган уудан ууланышы ыктымал.Ал күчтүү өсүмдүк уусу аконит же, синилдик кислота болушу мүмкүн. Вице премьер-министр Досбол Нур уулунун төрагалыгы астында өткөн жыйын соңунда өлкөгө алынып келинип жаткан эт продукцияларынын сапатын катуу текшерүүгө, уулануу эмнеден болгонун аныктоочу тийиштүү жабдууларды сатып алуу маселеси коюлду. (AiT)

XS
SM
MD
LG