Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:02

НОВОПАВЛОКАДАГЫ МАССАЛЫК УУЛАНУУ ШИШКЕБЕКТЕН ЭМЕС, УУЛУ ЗАТТАН БОЛУШУ МҮМКҮН


Новопавловка айылындагы үч адамдын өмүрүн алган массалык уулануу кафедеги шишкебектен эмес, уулу заттан болушу мумкүн. Мындай жоромол бүгүн өкмөттө өлкөдөгү санитардык-эпидемиологиялык кырдаалды талкуулаган чукул жыйынында айтылды. Ууланууга эмне себеп болгондугу тууралуу соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы ишемби күнү белгилүү болоору жарыяланды.

13-июнда орун алган бул окуя боюнча Сокулук районунун прокуратурасы тарабынан «санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузган» деген берене боюнча кылмыш иши козголгон. Азырынча уулануунун башкы себеби санитардык тазалыктын сакталбагандыгынан келип чыгууда деп болжолдонууда. Бирок ички иштер министринин орун басары Жеңиш Жакыпов бул окуя боюнча тергөөдө бир нече версия бар экенин айтты:

- Каза болгон үч адамдын туугандары уулануунун себебин кафедеги шишкебектен көрүп жатат. Бирок андай боло турган ошол күнү шишкебек жеген башка адамдар да ууланмак да. Ошондуктан алар үйүндө шишкебекке дагы бир нерсе кошуп жеген деген версия болуп жатат. Эми соттук-медициналык жана азыктык экспертиза даяр болгондон кийин бир тыянакка келебиз .

Маалыматтарга таянсак, окуя болгон күнү кафеден шишкебектин 200 гө жакын даанасы сатылган экен. Ууланууга себеп болгон бөлүгү целллофан баштыгына ороп берилген экен. Жеңиш Жакыпов уулануу ысык шишкебек менен баштыктын ортосунда химиялык реакция жүрүп кеткенден да болушу мүмкүн дейт.

Ичики иштер министрлигинен билдиришкендей, тергөө учурунда Сокулук районундагы «Алмаз» кафеси шишкебекти атайын уруксаты жок эле сатып жүргөнү белгилүү болду. Бул кафенин пиво жана суусундук сатууга гана уруксаты бар экен. Тергөө иштери аяктап, уулануунун себептери белгилүү болмоюнча «Алмаз» кафеси ачылбайт.

Республикалык соттук-медициналык экспертиза бюросунун жетекчиси Кубат Шадыбеков экспертиза иштери ушул жуманын аяганда белгилүү болоорун айтты:

-Ишембиде алдын ала жыйынтыткар чыгып калат. Ошондо гана так айта алабыз. Бирок целлофан баштыктан ууланды деген туура эмес. Балким бул баштыкта келемиштерге каршы уулу зат салынган болчу. Андай болсо, уулануу болушу мүмкүн. Бирок целлофан баштыктан уулануу болушу мүмкүн эмес. Анда элдин бары эле ууланып калбайт беле.

Сотмед эксперттердин алдын ала маалыматтары боюнча, уулануу уу коргошун же аконит деп атаган заттан болушу мүмкүн. Ал эми каза болгон үч адамдын өлүгү союлгандан кийин, алар оор металлдардан же мышьяктан ууланды деген версия ырасталган жок.

Жыйынга катышкан санитрадык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө, ветеринария департаменттеринин өкүлдөрү бул окуядан кийин республикада сатылып жаткан тооктун эттери, кафелерде санитардык абал катуу көзөмөлгө алына башталганын билдиришти.

Жыйында төрагалык кылган вице-пемьер-министр Досбол Нур уулу Ысыккөлдө жайкы сезондун башталышы менен өлкө ичине ташылып келип жаткан азыктар катуу көзөмөлгө алынсын деген талап койду.

Анткен менен бул окуя шаар тургундарынын кооптонуусун жараттууда. Өзүн Алмаз деп тааныштырган жигит ушундай чукул жагдай болгондон кийин гана өкмөт бул маселеге көңүл буруп баштады деген сын-көз карашын айтты:

-Мен бул окуяны угуп алып, көчөдөн же кафеден тамак ичкенден коркуп калдым. Чындыгында кафелердин көбүндө санитардык абал көзөмөлгө деле алынбай калбадыбы. Эми мына ушундай окуя болуп, бир нече адам өмүрүнөн ажырагандан кийин гана биздин өкмөт бул маселеге көңүл буруп, чара көрүп баштады.

13-июндун кечинде Бишкектин чет жакасындагы “Алмаз” кафесинен алынган шишкебекти жеген он киши ууланып, алардын үчөөсү каза тапкан эле. Дарыгерлер учурда жабыркагандардын ахыбалы жаксалыштырмалуу жакшы болуп калгандыгын айтышууда.

XS
SM
MD
LG