Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:08

«СҮТКӨ ООЗУН КҮЙГҮЗГӨН АЙРАНДЫ ҮЙЛӨП ИЧЕТ» ДЕЧҮ БЕЛЕ?


19-июнда парламент “Камбарата – 1”, “Камбарата – 2” ГЭСтерин куруу жана аны пайдаланууга берүү, аталган эки курулушту Токтогул катарындагы электр станцияларынын өзгөчө статусунан чыгаруу жөнүндө мыйзам долбоорлорун кабыл алды. Үч жумадан ашуун созулган кыргыз энергетикасынын айланасындагы талаш биртоп маселелердин такталышына өбөлгө түздү.

«Камбарата 1 – 2» электр станцияларынын курулушун чет элдик компанияларга берип коюу Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгына кайчы келери, өлкө суу маселесин чечүүдөн четтеп калары үч жума бою парламентте айныксыз жүйөө катары тынбай кайталанып турду. Буга чейинки ири инвестициялык долбоорлордун кайрымжысы кандай болгону жалпыга маалым. Ошол себептүү депутаттардын биртобун 2,5 миллиард долларлык инвестиция алып келчү «Камбарата – 1 – 2» долбоору деле чет элдиктердин кызыкчылыгына гана иштеп калабы деген кабатыр санаа саргайтып отурду шекилдүү. Андай сезим бийлик башында отургандардын деле көңүлүндө экенин президент К.Бакиев депутаттар алдында ачык эле айтты.

- Туура, баарын берип койсок биз чет элдик жеке инвесторго көз каранды болуп каларыбыз турулуу иш. Бирок да биздин менчиктештирүү программабыз боюнча магистралдык линиялар мамлекет колунда калат. Жалгыз ушул жагдай эле улуттук көзөмөл жасоого шарт түзүп бере алат.

Токтогул катарындагы электр станцияларынын өзгөчө статусунан курулушу аягына чыга элек «Камбарата» ГЭСтерин чыгаруу демилгеси мыйзамчылар арасында кыйла узак талкууга, кызыл чеке талашка айланышынын себеп-жөнүн мамлекет башчы К.Бакиев момундайча чечмеледи.

- Жанагы «оозу күйгөн, айранды үйлөп ичет» дегендей көп маселелер сиздердин тынчыңыздарды алды, баары түшүнүктүү. Биз эч качан энергетика байлыгыбызды, суу байлыгыбызды, дегеле байлыгыбызды бирөөгө берип коюп эле көз каранды болуп калбайбыз. Буга эч ким жол бербейт.

Парламенттин Отун, энергетика, суу ресурстары комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жаңы кабыл алынган мыйзам долбоорунун маани-мазмуну Кыргызстан экономикасы үчүн өзгөчө экенин баса белгиледи.

- Биздин жаңы тарыхыбыздагы революциячыл мыйзам болду десем жаңылышпайм. Жаңы тарых деп мен 2005-жылдан кийинки кезди айтып жатам. Бул мыйзам өлкөнүн келечеги үчүн өзүнүн чоң салымын кошот деп ишенем.

Кыргызстандын өнөр жай, энергетика, отун-суу ресурстары министри Игорь Чудинов быйыл күзгө чейин курулуштун техника-экономикалык алгачкы негиздемесин аткара турган уюмдарга ачык тандоо жүргүзүлөрүн, андан соң жаңы акционердик коом түзүлөрүн маалым кылды. Курулушка каражат жумшоого ниеттенген инвестор иралды андан тапчу пайда-кирешеси менен тобокелчиликтин баасы канча болорун аныктап алмакчы. Анан да инвесторлор жалаң эле Орусия менен Казакстандан эмес, башка жактан да келиши ыктымал, деп билдирди И.Чудинов.

- Бул башка инвесторлор деле болушу мүмкүн. Aлар бизге өнөктөш болуш үчүн экономикалык жактан пайдалуу сунуш кылышы ыктымал. Сөз жок, бул долбоордун негизги катышуучусу Кыргызстан болот.

И.Чудинов алгачкы техника-экономикалык негиздеменин баасы болжол менен 5 – 6 миллион долларды түзүшү мүмкүн экенин ырастады. Ага жараша курулуштун техника-экономикалык негиздемеси иштелип чыгып, ири долбоорго канча акча, эмне керектиги так аныкталмакчы.

XS
SM
MD
LG