Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:55

18:37 Чолпонатада эски жана жаңы базардын соодагерлеринин ортосунда кагылышуу чыкты


Чолпоната шаарындагы эски базарга жергиликтүү бийликтин убадасы боюнча контейнер орнотула баштаганда ага каршы чыккан базар башчысы Света Асанова менен жаңы базардын соодагери Толкун Досумбаева мушташа кетип, башынан оор жаракат алган Досумбаева ооруканага түштү. Хирургия башчысы Жекшен Кыргызбаевдин аныктамасы боюнча анын абалы начар. Мээси чайкалган Толкун Досумбаева бул мушташка Камчы Көлбаевдин Данияр аттуу күйөө баласы баштаган криминалдык топ жaлданып келгенин билдирди. Бирок акча алмаштыруу жайындагы балдар ижарага алган жерге мыйзамсыз контейнер коюп аткан жаңы базар соодагерлерине жөн гана түшүндүрүү жүргөнүн жана Көлбаевдин буга эч кандай тиешеси жок экенин белгилешти. Ал эми ички иштер бөлүмүнө болсо күнөөлү деп базар башчысынын күйөөсү Таалайбек Өмүралиевдин ысымы көрсөтүлгөнү анык болду. (RB)

XS
SM
MD
LG