Биньямин Пинчаси Израилде төрөлүп, өскөн. Ал эч качан Ооганстанда болгон эмес. Бирок Биньяминдин ата-энеси экөө тең Кабулда төрөлүп, балалыгын ошол жакта өткөрүшкөн экен. Алар азырга чейин 50 жыл мурда ооган жеринде өткөргөн мезгилин сагыныч менен эстешет.
Бүгүн баалуу таштардан жасалган буюм-тайымдар менен соода кылган Биньямин 30 жашта жана ал Ооганстандагы эң кең тараган эки тилдин бири – Дари – тилинде аз-маз кеп кура алат. “Ооганстанда болбосом да, аны менен кандайдыр бир руханий байланышым бар экенин сезем”, - дейт ал.
- Ооба, айрым байланыштар сезимдер бар. Эгер биз ал жакка барып калсак, бул сезим дагы күчөсө керек, - дейт Биньямин.
Аншей Шаломго келип жаткандардын көпчүлүгүндөй эле Биньямин да Кабулдагы жалгыз жөөт Зеболан Симантого дайыма жардам берип турат. Быйыл да ал буга чейинки жылдардай эле жөөттөрдүн орозо мезгили учурунда Кабулга 60 килограммдай тамак аш жиберди. Андагы нандан баштап май, суу, дегеле, тамак-аштын баары жөөттөрдүн диний шарт-эрелерине негизделип жасалган. Жалпысынан, бул жүктү Кабулга жөнөтүш үчүн Биньямин жол кире үчүн 650 доллар төлөдү.
Нью-Йоркко ал 13 жашынан бери жашайт. Ошондон бери Аншей Шаломго келет экен. Ошон үчүнбү, айтор, шаардагы синагог ал үчүн аябай ыйык болуп калган өңдүү.
- Биз бул жерге ар ишемби күндөрү келип турабыз. Бир аптада 3-4 жолу келебиз го, айрым учурларда күндө эле ушул жердебиз. Дайыма бул жердеги оогандар, баардык адамдар сыйынып жатканын көрөсүң, анын негизинде ошол каада-салттарды сезгенге болот. Иши кылып, бул башкача эле сезим, - дейт ал.
Жонатан Абрахам да Аншей Шалом синагогуна такай келип жүргөндөрдөн. Анын ата-энеси Ооганстандан 1940-жылдардын башында келишкен экен. Ал өзү болсо Италияда төрөлүп, анан Израилде чоңойгон. Жонатан дари тилинде да, паштуда да сүйлөй албайт. Бирок ар апта синагогго келип турат. Анткени диний жөрөлгөлөрдүн баары бул жерде ал өзү жакшы сүйлөгөн иврит тилинде өтөт экен.
- Биздин ата-бабаларыбыз Ооганстанда жашаган кезинде, бир топ жылдар бою өздөрүнүн динин, салттарын сактап калууга аракет кылып келишти. Анткени ал жерде биздин улуу муундун өкүлдөрү жөөттөрдүн салттарын анча колдобогон мусулмандар менен Советтер Союзуна кирген мамлекеттердин ортосунда калышкан болчу. Ошентип, азыр биз да ошол салтты улап, бул жерге келип, өз маданиятыбызды сактап калуу аракетин көрүп жатабыз, - дейт Жонатан Абрахам.
Анын айтымында, эркин мамлекетте жашаганда өзүңдүн диниңди жашырбай, ачык эле колдонгонго мүмкүнчүлүк жаралат, бирок дал ушундай учурда салттарды сактап калуу өтө маанилүү. “Ооганстанда жайчылык орноп калса, сөзсүз ал жакка барып келем”, - дейт Абрахам.