Ирактын борбор калаасындагы миналанган автоунаа жарылуусунан мындан сырткары дагы эки жүздөн ашуун киши жаракат алганы кабарланууда. Өлкөнүн түндүгүндөгү Бакуба шаарынын айланасында болсо америкалык жана ирактык 10 миңдей жоокер «Аль-Каидага» каршы ири операция баштады. Командачылыктын маалыматына караганда, чабуулдун алгачкы саатында эле 22 согушкер жок кылынды.