Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:08

ИСЛАМДЫ БИРИКТИРЧҮ ЛИДЕР ТАБЫЛАБЫ?


Исламдын атынан сүйлөгөндөр кимдер? Ислам жана реформа, мусулмандар жана демократия деген ойду Батыш таңуулап жатабы, же мусулман коомунун табигый өнүгүүсүндөгү талап-муктаждыкпы? Ушул жана башка маселелер өткөн аптада “Азаттык” радиосунун Прагадагы баш кеңсесинде өткөн жолугушууда талкууга алынды. Ага АКШ, Босния, Мисирден келген ислам боюнча изилдөөчү,эксперттер катышты.

ХХI кылымдын башкы коркунучтарынын бири катары диний экстремизм аталып, анын тамыр-себептери талданып жаткан чакта АКШда да ислам дүйнөсүн үйрөнүп-изилдөөгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын мамлекеттик катчысынын орун басары Кэрин Хьюз баса белгиледи.

- Америка дүйнөдөгү ар башка агымдарга бөлүнгөн мусулман коомчулугу менен теңата диалог, бири-биринин пикирин урматтаган баарлашуу жолун табууну көздөп келатат. Диалог – маектешиңди угуудан жана анын көз карашына урмат-сый көргөзүүдөн башталат эмеспи. Биз, америкалыктар дүйнөдөгү ар башка маданият-динди жакшылап үйрөнүүгө милдеттүүбүз деп көп айтчу болдум. Америка Индонезияда океан ташкынынан жабыр тарткандарга, Пакистанда жер титирөөдөн жапа чеккендерге колун сунуп, Дарфурда ачка калгандарга тамак-аш жеткирип, Балканда улуттар аралык кыргынга ортомчулук кылып, Ирак, Ооганстанда элди эзген режимдерден куткарып бардык мусулмандарга өз урмат-сый, достук ымаласын көргөзүп келатат. Ошентсе да, айрыкча АКШ жаштарын башка диндер менен маданияттарды үйрөтүүнү колго алышыбыз керек.

Батышта антип, ислам дини менен таанышуу, изилдөө аракеттери күчөп жаткан чакта мусулмандар дүйнөсүндө да кызыктуу жараяндар жүрүп жатыптыр. Алжирде аялдардын укуктарынын кеңейишине каршы массалык демонстрация болуп өттү. Көп жылдар Каирде иштеген аалым Рюел Герект Мисирде мындан 20-30 жыл мурдагыга караганда хижаб жамынган кыз-келиндердин кыйла көбөйгөнүнө токтолду. Айрыкча университеттерде ушу тапта жаш студент кыздардын дээрлик үчтөн экиси башына жоолук салынып, жылдан жылга сакал койгон жигиттердин да саны арбып баратканын, алардын көбү өз чечимин дүйнөлүк саясий жараяндарга каршылык билдирүү максаты менен түшүндүргөнүнө токтолду.

- Мындан 30 жыл илгери хижаб жамынган бирин-серин кыз-келиндер андайга диний сезимден улам барганын айтса, азыркы тапта биринчиден, АКШнын дүйнөдө үстөмдүк кылуу аракетине, экинчиден жалпы глобалдашуу жараянына каршы ушундай кийинип жүргөнүн билдиришет.

Экстремисттик аракеттер, ички араздашуу-чабышуулар бардык диндерде кездешет, бирок динди мамлекеттик башмыйзамга айландырып, ислам халифатын куруу идеясы дал мусулмандар арасында күчтүүлүк кылат. Иракта суннилер менен шийилердин ич ара кандуу эрегишин, Ооганстан жана башка өлкөлөрдө бейпилдикке чагым салып келаткан “Аль-Каида” өңдүү уюмдарды бейкүнөө адамдарды өлтүрүүнү токтотуп, бардык мусулмандарды биримдикке, исламдын атынан тынчтыкка үндөй турган бирдиктүү лидер чыгышы мүмкүнбү? – деген суроого теги Ирандык, Вашингтондо жашап иштеген илимпоз Ширин Хантер төмөнкүдөй жооп узатты.

- Эң ириде, исламдын ичинде Куранды ар башкача талдаган түрдүү агымдар көп, ал агымдардын ичинде да ар башка көз караштарды табууга болот. Маселе башкада. Иракты алсак, ал жерде ислам аябагандай саясатташып кетти. “Аль-Каида”, же башка уюмдарды алсак, алар ислам динин өз саясий максаттарына жетиш үчүн пайдаланып жатышат.

Исламдын саясатташып кетишине эмне себеп? Динди реформалап, демократия менен айкалыштырууга үндөгөн мусулман динаятчылары өз максатына жетиштиби? Ушул жана башка суроолор талкуунун кийинки бөлүгүндө сөз болду. Аны “Таңкы Азаттыктын” эмки шаршембидеги берүүсүнөн уга аласыздар.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     
XS
SM
MD
LG