Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:43

ФРАНЦУЗ, НЕМЕЦ ЖАНА КЫРГЫЗ КИНОЛОРУНУН ФЕСТИВАЛЫ


Франциянын жана Германиянын Кыргызстандагы элчиликтери уюштурган фестивалдын алкагында соңку убакта тартылган ар кыл темадагы тасмалар кино күйөрмандарына тартууланууда.

Чет элдик режиссерлор тарткан кинолордун арасында кыргыз тасмалары да көрсөтүлүүдө. Атай кетсек буга чейин жаш кинорежиссер Айбек Дайырбековдун “Жээк”, Марат Алыкуловдун “Чек ара”, Талгат Асранкуловдун “Бейиштин куштары” тасмалары көрсөтүлдү. Ал эми чет элдик фильмдерден немец режиссеру Франк Мюллер жараткан “Кара жер менен көк асман айкалышканда” аттуу даректүү тасма көрсөтүлдү. Мында режиссер табият менен адамардын ортосундагы тыгыз байланышты көрсөтүп, кыргыз жерин, табиятын, кыргыздардын кылымдардан бери келе жаткан каада-салттарын чагылдырган.

Германиянын Кыргызстандагы элчилигинин маданий иштер боюнча өкүлү Штефан Лаас мырзанын айтымында Франк Мюллер бул тасманы 1999-жылы Кыргызстанга келип тарткан.

-Франк Мюллер Кыргызстанды баалаган адамдардын бири. Андыктан кыргыз жерине, элинин турмушуна болгон кызыгуусунан улам ушул фильмди жараткан. Менин оюмча бул тасмада ал кыргыз элине тиешелүү үрп-адат, каада-салттарды, баалуулуктарды жакшы бере алган.

Ал эми бүгүн фестивалдын тартиби боюнча Тынчтык Абылкасымовдун “Жээк” аттуу кыска метраждуу тасмасы жана “Молом монгол жомогу” аттуу француз фильми көрсөтүлөт. Кинофестивалдын алкагында ошондой эле Мари Жауль де Поншевиль аттуу француз кинорежиссердун катышуусунда устаттык сабак өткөрүлөт деп билдирди Франциянын Кыргызстандагы элчилигинин маданий иштер боюнча өкүлү Шарлота Урбен.

-Ал өзүнүн чыгармачыл тобу менен келип, “Теңири” аттуу кино тартат. Ыйык сүйүүнү даңазалаган бул фильм Нарында тартылат. Биздин элчилик баардык чыгымдарын төлөп берип, кинотармагында билим алып жаткан студенттерди ошол жакка жөнөтөбүз. Кино тартуу учурунда жаш кинорежиссерлор француз жана немец киноишмерлеринен көптөгөн пайдалуу нерселерди алып, тажрыйба топтоп кайтышат деген ишенимдебиз.

Немец, француз жана кыргыз киноишмерлерин бириктирген мындай фестиваль Кыргызстанда биринчи ирет өтүп жатат. Бул иш-чара көрүүчүлөр үчүн да, жаш кинорежиссерлор үчүн да пайдасы чоң, деди киноишмер, Кыргызстандагы кино үйүнүн төрагасынын орун басары Гүлбара Төлөмүшова.

-Биринчиден өсүп келе жаткан жаш кинорежиссерлор дебюттук тасмаларын көрсөткөнгө мүмкүнчүлүк алышат. Себеби биздин кинотeатрлар тажрыйбасы аз, жаш режиссерлордун фильмдерин көрсөтпөйт. Экинчиден тасмалар бекер көрсөтүлүп жатат. Ал эми көпчүлүк кинокүйөрмандары каражаттын тартыштыгынан да кинотеатрлардан кино көрө алышпайт да. Айрыкча студенттер, андыктан алар үчүн жакшы мүмкүнчүлүк түзүлүп жатат.

Кинофестиваль 22-июнга чейин созулат. Уюштуруучулар келечекте мындай фестивалды Кыргызстандын аймактарында да өткөрүүгө ниеттенишүүдө.

Айжан Шаботоева, Бишкек
XS
SM
MD
LG