Мындай пикирди Шайлоо кодекси жана коомдук уюмдар боюнча эксперттер бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Эксперттерди аялдардын парламентке келүүсүнө мүмкүнчүлүк берүүчү мыйзамдардын Жогорку Кеңеште четке кагылуусу нааразылыкты пайда кылган. Буга байланыштуу эксперттер Жогорку Кеңештин төрагасы Марат Султановго кайрылып, «Өлкөнүн өнүгүүсүнүн стратегиясы: шайлоо органдарына аялдардын келүүсүн шарттоочу механизмдерди иштетүү» деген темада кеңешме өткөрүүнү сунушташты. Маалымат жыйынына президентин Жогорку Кеңештеги гендердик өнүктүрүү боюнча атайын өкүлү Анара Ниязова, Гендердик иликтөө борборунун башчысы Жаңыл Абдылдабек кызы жана башка эксперттер катышты. (AiT)