-Борбор Азия жакынкы жылдары гана Чехияга качкындарды жөнөткөн чөлкөмгө айланды. Жыл сайын жүздөгөн кишилер Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстандагы үйлөрүн таштап, башпаана издешине ар кандай себептер бар деңизчи. Ошентсе да, мындай татаал кадамга барууга түрткү болгон негизги жагдайларды атай кетсеңиз.
-Сиз айткандай, туулуп-өскөн үйүн, мекенин таштап, алыс жактагы маданияты, климаты, дини башка өлкөдө башпаана издөө, албетте, өтө татаал кадам. Адатта Борбор Азиядагы мурдагы советтик мусулман өлкөлөрүнүн жарандары башпаана издешине саясий, улуттук, диний куугунтук, басмырлоо себеп болушу мүмкүн. Кээде алар кайсыл бир социалдык топтун өкүлдөрү десек болот.
-Экономикалык кыйынчылыктар себеп боло албайт?
-Экономикалык оор шарттардан улам башпаана издегендер болот, бирок алардын арызы канааттандырылбайт. Анткени качкын статусун алыш үчүн биз жогоруда айткан башка жагдайлар негиз болушу керек.
-Силердин сайттагы маалыматтардан улам, жыл сайын Борбор Азиядан жүздөгөн адамдар келип Чехиядан башпаана сурашат экен. Алардын канчасы качкын статусун ала алышты?
-Чехия соңку жылдары качкын статусун ыйгаруу саясатын жакшыртып, мурда башпаана сурагандардын 1 пайыздайы гана качкын деп таанылса, ушу тапта арыз бергендердин орто эсеп менен 10 пайыздайы өз максатына жетип калды. Былтыр Казакстандан 230дан ашуун адам башпаана сурап кайрылып, алардын отузу качкын статусун ала алышты. Кыргызстандан 85 киши кайрылып, алардын бешөөнө гана берилди. Түркмөнстандан 3 кишинин бирөө, Өзбекстандан 25 кишинин үчөөнө гана качкын статусу ыйгарылды. Жалпысынан алганда, 1999-жылдан бери Борбор Азиялык 130дан ашуун адамга Чехияда саясий башпаана берилди.
-Казакстандан кайрылгандар негедир көп экен. Бул өлкө чөлкөмдөгү саясий жана экономикалык жактан башкаларга салыштырмалуу стабилдүү мамлекет саналат. Казак качкындары арыз жазганда кандай себептерди айтышат?
-Чынында соңку 5-6 жыл ичинде Казакстандан башпаана сурап келгендердин саны башка өлкөлөргө караганда жогору болууда. Алардын айрымдары мурда Чехияда башпаана алган казак жарандарынын туугандары, жакындары болушу мүмкүн, же башка Европа өлкөлөрүндө качкын статусун ала албай калгандар да кайрылып калышат.
-Үй-бүлө мүчөлөрүн, туугандарды бириктирүү маселесин айта кеттиңиз. Сиздердин уюмдун жардамы менен Анжыяндагы коогалаңдан кийин Чехияга келген 2 өзбек качкыны жакында эле 2 жылдан кийин балдарына, аялы же күйөөсүнө жолугуп, Прагада кайрадан биригишти. Ушундай учурларда, качкындарды үй-бүлөсү менен бириктирүү маселесинде Борбор Азиядагы өкмөттөр сиздер менен кандай кызматташат? Же алар өз жарандарынын качкын статусун таануудан дегеле баш тартышабы?
- Бул 2 өзбек качкынын үй бүлөсү менен бириктирүү ишин биздин уюм, Чехиянын ички иштер министрлиги, миграция боюнча эл аралык уюмдун чоң жардамы менен жүзөгө ашыра алды. Качкындар маселесинде өкмөттөр адатта жардам көрсөтүүдөн качышат. Алар өз жарандарын үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз кылганын моюнга алгысы келбейт. Өзбекстанда Улуттар уюмунун качкындар комиссарлыгынын бир да өкүлү калган жок. Анжыяндагы окуялардан көз узабай өзбек өкмөтү биздин офисибизди жаап салган. Борбор Азия өкмөттөрү менен кызматташуу абдан эле оор маселе.
-Рахмат маегиңизге. Ишиңиздерге ийгилик каалайбыз.
Маектешкен Венера Сагындык кызы, Прага