Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:34

16:15 Жалалабат: губернатор менен дүйнөлүк мунай компанияларынын жетекчилери мунай иштетүү маселесин талкуулашты


Губернатор Искендер Айдаралиев дүйнөлүк “Петрофаг” аттуу компаниянын президенти Айман Асфарини, "Петрофаг - ресорсес" ишкана башчысы Анжот Бсейсону жана “Кыргызпетролеум компани” заводунун башкы менежери Адель Бадриддинди кабыл алды. Облбийликтин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, алар облустагы мунай заводун толук кубаттуулукта иштетүү, нефть казып алуу жана өндүрүштү кеңейтуу тууралу сүйлөшүштү. Жалалабаттагы завод 1995-жылы курулганда түзүлгөн келишим президент, өкмөт башчынын катышуусу менен 21-июнда кайра карала турган болду. Ал келишим боюнча 500 миң тонна мунай иштеп чыгараар завод курулганда нефти өндүрүү жөнүндө сөз болгон эмес. 25 пайыз кубаттуулукта иштеген мунай заводу кара майдын жетишсиздигинен инвесторлорго пайда бербей жатканы маалым болду. Айман Асфари балдар үчүн 5 миллион долларга бала бакчаны бекер куруп берүүгө убада берди. (YA)

XS
SM
MD
LG