Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:37

16:24 Жалалабаттагы лидер аялдар шайлоодо аялдарга жеңилдик берүү маселесин козгошту


Бул тууралуу облустагы лидер аялдар бирикмеси менен “Аялдардын колунан бардыгы келет” аттуу республикалык түйүндүн жыйынында сөз болду. Анда айтылгандай, Жогорку Кенеште аялдардын жоктугу менен бийлик уюмдарында алардын аздыгы атайын мыйзамдык чараларды кабыл алуу зарылдыгын аныктайт. Жогорку Кенеш эркектерден куралгандыктан анда аялдар жана балдар проблемалары көтөрүлбөй, депутаттар өз кызыкчылыгындагы гана мыйзамдарды кабыл алууда. Аялдар депутаттыкка шайлануусу үчүн жеңилдик берилип, талапкерлердин күрөө акылары азайтылууга тйииш. Мындай атайын чаралар көрүлбөсө, кийинчерээк коомчулукта жалан эркектер бийлеп, эркектер депутатыкка шайланат турбайбы деген түшүнүк сиңип калат. Мына ушундай жүйөө талаптар жазылган кайрылуу кат Жогорку Кенеш менен облустан шайланган депутаттарга жолдонду.(YA)

XS
SM
MD
LG