БУУнун качкындар менен иш алып баруу комиссариатынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн маалыматы боюнча буга чейин тогуз миңден ашуун Тажикстандык качкындар Кыргызстандын атуулдугун алышты. Алты миңден ашууну кайра мекенине кайтып кетишти. Ошондой эле Чеченстандык 154 жана Ооганстандык 143 качкын кайрадан мекенине кайтышкан. 2000-жылдан бери Кыргызстандан миңге чукул качкын үчүнчү бир өлкөгө башпаанек алып чыгып кеткен.
Айрым эксперттердин айтуусунда Кыргызстандан башпаанек алып, отурукташып калган качкындардын көпчүлүгү өз жеринен социалдык-экономикалык абалга байланыштуу ооп келгендер. Ал эми саясий себеп менен ооп келген качкындар Кыргызстандан башпаанек ала элек, дейт “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдурасулова:
-Качкындарга байланыштуу эл аралык келишимдердин баарына кол коюп, кабыл алганы менен иш жүзүндө Кыргызстан аларды аткарбай келет. Ушул саясий башпаанек берүүгө келгенде өзүбүздүн коңшу өлкөлөр менен мамилени бузбоо максатында качкындарга саясий башпаанек бере албай атышат. Ошондуктан, саясий куугунтуккка кабылгандар бизде көбүнчө убактылуу жашашат. Кыргызстан эң биринчи иретте коңшу мамлекеттерден экономикалык көз карандылыкта турат.
Азиза Абдурасулованын айтымында, Кыргызстандан саясий башпаанек сураган Түркмөнстандын, Өзбекстандын жарандары бар.
Саясий себеп менен качып келгендердин көпчүлүгү негизинен Өзбекстандык качкындар. Алар Кыргызстанда жашап калууну каалашпайт дешет айрым байкоочулар. Буга бир жагынан бул жерде алар өздөрүнүн коопсуздугу толук сакталарына көздөрү жетпейт. Анткени Анжиян окуясынан бери Кыргызстанга өтө качкан качкындардын бир нечеси кыргыз бийлиги тарабынан, бир нечеси Өзбекстандык атайын кызматтар тарабынан кайрадан мекенине кайтарылган. Качкындар менен иш алып барган “Адилет” укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупованын айтуусунда экинчи жагынан Кыргызстандагы экономикалык абал АКШ, Европанын айрым өнүккөн өлкөлөрүнө чыгып кетүү мүмкүнчүлүгү бар качкындарды кызыктыра бербейт:
- Дээрлик бардыгы эле бай, өнүккөн өлкөлөргө кеткиси келет. Бул деген – мамлекет тарабынан качкындарга көрүлө турган социалдык-экономикалык колдоо. Бул деген өз өмүрүнүн коопсуздугу. Анткени Анжиян окуясынан кийинки акыркы эки жылда биздин өлкөдөн 17ден ашуун Өзбекстандык качкын жоголду. Чегаралардын жакындыгы да кооптуулуктун ыктымалдыгын күчөтөт,-дейт Чолпон Жакупова.
1994-1995-1996-жылы Кыргызстанга Тажикстандан он үч миңден ашуун качкын келген. Алардын жарымынан көбү Кыргызстандын жарандыгын алышты.
Кыргызстандагы “Абу Абдулло Рудаки” атындагы тажик коомунун вице-президенти Кадыр Муриватовдун айтуусунда тажикстандык качкындардын арасында Кыргызстандын экономикалык абалын жогору койгондор да бар:
-Кыргызстанда экономикалык кыйынчылык болуп жатат, бирок айрым тармактар боюнча Тажикстан артта турат. Алсак Кыргызстанда электр энергиясы менен жалпы өлкө текши жабдылган. Бизде андай эмес, ошондуктан тажикстандык качкындар Кыргызстанда кала берүүнү же Орусияга кетүүнү каалашат. Бирок Кыргызстандын жарандыгын алып, отурукташып калгандардын көпчүлүгү улуту кыргыз, башкача айтканда Жергетал, Мургаб районунун мурдагы тургундары,-дейт Кадыр Муриватов.
Кыргызстанда бүгүнкү күндө качкын макамын алып жашап жатышкан он миңге жакын адам бар. Алардын көпчүлүгү тажикстандык качкындар. Андан тышкары Ооганстан, Чеченстан жана башка жактардан келгендер бар. Ошондой эле Өзбекстандык 96 качкын ушул тапта үчүнчү бир мамлекетке чыгып кетүү мүмкүнчүлүгүн күтүп атышат.