Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:09

18:37 Ысыккөл облусунда айрым айылдардын тургундары жер талап кылып нааразылык акциясына чыгышы ыктымал


Ысыккөл районунун Темировка айылындагылар өндүрүмдүүлүгү аз жерлерди өздөштүрүп алалы деген сунуш менен райондук администрацияга кайрылганда көпчүлүк үлүш жерлерди дыйкандар сатып ийгендиги анык болду. Муну токтотуш үчүн 25 адамдан түзүлгөн демилгелүү топ 52 кишиге мурда берилген жерлерди сот аркылуу элге кайтарып, кайра тең бөлүштүрүүнү талап кылып атат. Бул маселеге жергиликтүү бийлик апрель митингдеринин алдында эле убада бергени менен кечеңдетип аткандыктан нааразы болгондор кайра жол тосууга белсенип атат. Бирок Ысыккөл районунун акиминин орунбасары Дамир Моңолдоров айыл чарба жерлерин максаттуу пайдаланбай, аны сатып ийгендерге катуу чара көрүү иштелип аткандыгын жана Жер кодексине өзгөртүү болгуча бул маселени чечүү мыйзамсыз болоорун түшүндүргөндө, чогулгандар тарап кетти. (RB)

XS
SM
MD
LG