Бул маалыматты бүгүн Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин алдындагы мамлекеттик ветеринардык департаментинин бөлүм башчысы Калысбек Жумаканов билдирди. Окумуштуу адистин айтымында, малдын өтө жугуштуу ооруларынын катарына кирген чечек дарты Нарын облусунун аймагында буга чейин катталган эмес. Учурда 50 миң доза өлчөмдөгү вакцина ылаң чыккан жерге жеткирилди. Жумгал районунун Байзак айыл өкмөтүнүн аймагына карантин жарыяланды. (KUs)