Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:48

Кошмо Штаттар БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин соңку чечимине иренжүү билдирди


Мамлекеттик департаменттин өкүлү Шон МакКормак Адам укуктары кеңеши чечим кабыл алууда карманган критерийлерди сынга алды. Себеби, адам укуктарын абалын иликтөө боюнча Кеңеш соңку ирээт тандаган өлкөлөрдүн катарына Куба да, Беларусия да кирген эмес. Башкача айтканда, аталган өлкөлөрдөгү абалды иликтөө боюнча көз карандысыз эксперттердин мандаты токтотулган. Мамдепартаменттин өкүлү белгилегендей, Куба менен Беларусия адам укуктарын тебелеп-тепсеген өлкөлөрдүн башында турат. АКШ мурда БУУнун Адам укуктары кеңешине кирүүдөн баш тарткан эле, ал жерде байкоочулук гана статуска ээ.

 

XS
SM
MD
LG