Азыркы тушта Орусияда улутчулдук маанай болуп көрбөгөндөй деңгээлге жеткени туурасында анализчилер улам кайталашат. Анын айынан быйылкы жылы иш издеп келишкен, маселен, бир эле тажикстандык мигранттар арасынан жүздөн ашуун кишинин сөөгү Орусиядан чыгарылып кеткен. Маркумдардын дээрлик көбү киши колдуу болуп өлүшкөн.
«Миграция жана мыйзам» корунун жетекчиси Гавхар Жороева айтканга караганда, «Өлкөсүндө улуттук жек көрүүчүлүктөн улам жасалып аткан кылмыштарды тыя албаса, ага ошол мамлекеттин бийлиги жоопкер. Ошол үчүн ал мамлекет аларга (жабыр тарткандарга – ММ) оозбасырык төлөөгө тийиш».
Маскөөлүк адам укугун коргоочу Александр Брод: «Орусияда улуттук жек көрүү маанай астында 2005-жылды 5 киши өлтүрүлүп 200 киши жарадар болушкан, 2006-жылы 17 киши өлтүрүлүп 130 киши жарадар болушкан. Быйылкы жылы скинхеддер колунан 34 киши өлтүрүлүп, 80 киши жарадар болушту» - дейт. Улутчулдук жана радикалдык маанайдагы жаштар кыймылы бийлик менен коюн-колтук алышканга жетип калганын эскертет:
«Эгерде скинхеддер тартип коргоочу органдардын колуна түшүп калса анда депутатар аларга калканч болуучу каттар жөнөтүп туршат», - дейт.
Анализчилер баамында улутчул жаштар кыймылы жангыз эле өңү бурууларды бычактоо менен чектелбейт. Алар эми террордук кол салууларды да жасап атышат. Маскөө-Грозный поездин, Макдональдс аш ичүүчү үйүн, Черкизов базарын жардырышканын ошондой эле Анатолий Чубайска кол салууну уюштурганын эскеришет.
Буга дейре экстремисстик маанайдын коркунучтуу абалга жетип калганына маани бербей же атайылап мани бербей келген бийлик анын келтегин жейт деген пикирди эксперт Юрий Табак айтат:
«Тартип коргоочу органдары, сот органдары улутчулдуктун артып бара жатышына ушул убакка дейре көңүл бурбай келишсе андай кырдаал баарыдан мурда мамлекеттик бийкке каршы болорун эстерине алып коюулары керек», - дейт.
Орусиялык бийликтин канткен менен улутчулдук зордук-зомбулукка кийинки учурда катуу карай баштаганы дайын болууда. Маселен, бул жылы улуттук кагылыштан улам 21кылмыш иши козголгонун мамлекеттик гезиттер белгилешкен.
Кечээ «Сова» укук коргоо борбору таркаткан маалыматта «13-июнда Маскөө метросунун «Речной вокзал» станциясынын алдынан жоон топ жергиликтүү такыр баштар боюнда бар кавказдык келинди тепкилеп кетишкен… Чукул арада милиция болгон эмес жана жарадар болгон келинди «Тез жардам» машинеси алып кеткен».